“Манас” эпосундагы аскер өнөрүн изилдөө маселеси каралды

  • 2 года мурун

Кечээ, 15-июлда, Ысык-Көл облусунун “Тамга” аскер санаториясынын аймагында “Манас эпосундагы аскер өнөрү” темасында өткөн эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Иш-чарага  мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик кызматкерлер, жогорку жана жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилери, ошондой эле жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жана чет элдик аскер-дипломаттык корпусунун өкүлдөрү катышты.

Конференцияда айкөл Манастын образынын мисалында аскер кызматчыларын Мекенди сүйүүгө тарбиялоо жана “Манас” эпосундагы аскер өнөрүн, аскердик аспектерин изилдөө маселелери каралды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты