Мамлекет башчы исламдын салттуу баалуулуктарына туура келбеген айрым көрүнүштөргө тынчсыздануусун билдирди

  • 2 месяца мурун

Мамлекет башчы исламдын салттуу баалуулуктарына туура келбеген айрым көрүнүштөргө тынчсыздануусун билдирип, салттуу ханафий мазхабын кармануу зарылчылыгына басым жасоого чакырды.

Бул тууралуу Садыр Жапаров бүгүн, 13-мартта, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын (КМДБ) жаңы шайланган муфтийи Абдулазиз Закировду кабыл алуу учурунда билдирди.

Жолугушууга Кыргызстандын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров катышты.

Мамлекет башчы исламдын салттуу баалуулуктарына туура келбеген айрым көрүнүштөргө тынчсыздануусун билдирип, салттуу ханафий мазхабын кармануу зарылчылыгына басым жасоого чакырды.

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы – светтик жана көп конфессиялуу өлкө, калктын 90 пайызга жакынын мусулмандар түзөт деп белгиледи. Ал башка диндерге карата ислам дини толеранттуулукка, сабырдуулукка, айкөлдүккө чакырарын, бул баалуулуктарды жайылтууда Кыргызстан мусулмандар дин башкармылыгынын ролу өтө чоң экенин айтып өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын “үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” президенттин жарлыгын түшүндүрүү боюнча ишине канааттануусун билдирди. Жарандар бара-бара кымбат баалуу мүрзө таштарын жана шаан-шөкөттүү майрамдарды кредитке коюудан баш тартып жатканы белгиленип, Президент ысырапкорчулук көрүнүштөрүн азайтуу үчүн бул ишти улантууга чакырды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты