Мадумаровдун бөгөт чарасын кароо 13-ноябрга жылдырылды

  • 9 месяцев мурун

Депутат Адахан Мадумаровдун бөгөт чарасын кароо 13-ноябрга жылдырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 31-октябрда Бишкек шаардык сотунда Мадумаровдун баш коргоо чарасы каралмак. Мадумаровдун ооруканада болгондуктан соттук отурум 13-ноябрга жылдырылды. Саясатчынын бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүп, адвокат шаардык сотко аппеляциялык арыз менен кайрылган.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду 2-сентябрда Бишкекте Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткен.

Адахан Мадумаров 24-октябрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-сентябрда кабыл алды.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго мамлекетке чыккынчылык кылуу боюнча айып коюлуп жатканын айтып, билдирүү тараткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты