Мадумаров ооруканадан кайра УКМКнын тергөө абагына которулду

  • 9 месяцев мурун

Бүгүн, 2-ноябрда депутат Адахан Мадумаров Республикалык кардиология борборунан УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Мирбек Мунарбек уулу Фейсбуктагы бараксасына жазып чыкты.

26-октябрда Адахан Мадумаровдун ден соолугу кескин түрдө начарлап кеткендигине байланыштуу УКМКнын тергөө абагынан Мирсаид Миррахимов атындагы Республикалык кардиология борборуна которулган.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду 2-сентябрда Бишкекте Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткен.

Адахан Мадумаров 24-октябрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-сентябрда кабыл алды.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго мамлекетке чыккынчылык кылуу боюнча айып коюлуп жатканын айтып, билдирүү тараткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты