Маданият министрлиги “ПолитКлиника” медиасынын үстүнөн жазылган арызды четке какты

  • 1 год мурун

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кара-Буура райондук сотунун судьясы Индира Асилованын «ПолитКлиника» медиасынын үстүнөн жазган арызын четке какты. Бул тууралуу аталган министрликтин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин башчысы Салкын Сарногоева билдирди.

Анын айтымында, «ПолитКлиника» медиасынын «Чолпон-Атадагы маданият үйүнүн жери кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасына өтүп кеткен» аттуу иликтөөсүндө арыз ээси Индира Асиловага байланыштуу маалыматтар мамлекеттик органдардан алынган анык маалымат болгондуктан, басылманын үстүнөн түшкөн арызды четке кагуу чечими кабыл алынган.

Эске сала кетсек, “Азаттык” медиасы 14-декабрда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында жайгашкан маданият үйү белгисиз жагдайлардан улам жеке тараптарга өтүп кеткени тууралуу материал жарыялаганАнда  маданият үйүнүн жери “Барашек” кафесине кошулуп, терраса болгону дагы айтылат.

“ПолитКлиника” медиасы кадастрдык документтердин негизинде аталган жер учурда кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасы Мая Алиеванын наамында экенин аныктаган.

Ошондой эле иликтөөдө сөз болуп жаткан жерге 2015-2016-жылдары Таластагы Кара-Буура райондук сотунун учурдагы судьясы Асилова Индира Ашимжановна ээлик кылып турганы айтылат.

Иликтөө жарык көргөндөн кийин, 16-декабрда Индира Асилова редакцияга бул материалдан өзү тууралуу маалыматты жана сүрөтүн алып салууну талап кылып кат жолдогон. Анда ал басылманы ар-намысына жана кадыр баркына шек келтирген деп айыптаган.

Ошол эле күнү Маданият министрлигинен Индира Асиловадан «ПолитКлиниканын» үстүнөн арыз түшкөнүн жана арызды юристтер карап жатканын маалымдашкан.

Өткөн жылы кабыл алынган “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо” жөнүндө мыйзамга ылайык, өкмөткө “жалган же анык эмес маалымат” тууралуу жеке адам, уюм тарабынан жазылган арыздын негизинде ал маалыматты тараткан интернет сайтты жаап коюу укугу берилет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты