«Маариф» фонду «Сапат» лицейлерине 2,5 млн доллар инвестиция жумшаарын билдирди
- 2 года мурун
«Маариф» фонду анын башкаруусуна өткөн «Сапат» билим берүү мекемелерине 2,5 млн доллар инвестиция жумшаарын кабарлады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
17-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган менен “Маариф” эл аралык фондунун өкүлдөрүн кабыл алган. Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтык маселери, анын ичинде Маариф” фондунун башкаруусуна өткөрүлгөн «Сапат» билим берүү мекемеси тууралуу да талкуулашкан.
Төраганын орун басары аталган жаңылануу билим берүүнүн сапатына терс таасирин тийгизбеши керектигин белгилеген.
“5 жылдан бери Кыргызстанда иш жүргүзүп келе жаткан “Маариф” эл аралык фонду улуттук да, эл аралык да талаптарга жооп берген стандарттарды пайдалануу менен өздөрүнө өткөрүлүп берилген мектептердеги билим берүүнүн сапатын жогорулатууга көмөкчү болот деп ишенем”, – деген ал.
“Маариф” эл аралык фондунун өкүлдөрү мектептердеги окуулар үзгүлтүккө учурабагандыгын, кызматкерлерге, окуучуларга жана ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдиришкен. Ошондой эле фонд айрым көйгөйлөрдү чечүү максатында кыска убакыт аралыгында «Сапат» мектептерине 2,5 млн долларлык инвестиция жумшоону пландап жатканын кабарлашкан. «Маариф» фондунун өкүлдөрүнүн айтымында, мектептердин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, имараттарын жаңылоо жана билим берүүнүн сапатын көтөрүү максатында каржылык колдоо көрсөтүлөт, ошондой эле чет өлкөлөрдөн мугалимдер алып келинет.
Эске салсак, 2024-жылдын 30-декабрында Кыргызстандагы “Сапат” лицейлери Түркиянын “Маариф” фондуна өткөнү Кыргызстандын юстиция министрлигинин сайтындагы маалымдалган. 2-январда “Сапат” эл аралык билим берүү мекемеси анын жалпы мүлкү, мөөрү расмий ээлик кылуучу “Маариф” түрк фондуна өткөрүлүп берилгенин билдирген.
1-январда “Сапат” билим берүү мекемеси түзүүчүлөр курамынын алмашкандыгына байланыштуу, билдирүү таратып, “Сапаттын” мыйзамдуу түзүүчүлөрү катары өз укуктарын Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде жана эл аралык укук талаасында коргоо боюнча аракеттерин көрөрүн билдирген.
Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы




