Маңгыстау облусунда мектепте тамактан ууланган окуучулардын саны 300гө чамалады

  • 1 неделя мурун

Казакстандын Маңгыстау облусунда мектепте тамактан ууланган балдардын 67си ооруканада жатат, алардын экөө реанимацияда, 222 бала үйүндө дарыланууда. Бул тууралуу жергиликтүү Lada.kz басылмасы облустук акимчиликке шилтеме берүү менен билдирди.

Жабыркагандардын баары – Маңгыстау облусуна караштуу Мунайлы районунун Бесшокы айылындагы мектептин 1-4-класстарынын окуучулары. Алар биринчи нөөмөттө окуп, мектептин ашканасында тамактанышкан.

Казакстандын мектептеринде башталгыч класстын окуучулары бекер тамактанышат. Балдар үчүн тамак-ашты жергиликтүү администрация менен мектеп жетекчилиги бирге тандаган подрядчылар даярдашат.

Балдар 6-сентябрда эмне жегени белгисиз. Lada.kz аткаминерлер өзгөчө кырдаалдын себептерин жана жагдайларын тактап жатканын жазды. Тамак-аш текшерүүгө жөнөтүлдү, жыйынтыгы үч-беш күндүн ичинде чыгары күтүлүүдө.

Мектеп окуучуларынын массалык уулануусуна байланыштуу кылмыш иши козголду.

Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Алназарова окуя боюнча түшүндүрмө берип, кырдаал вевомствонун көзөмөлүндө экенин билдирди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты