Өмүрбек Текебаевдин кайрылуусу

  • 3 года мурун

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев шайлоочуларга жана талапкерлерге кайрылуу жасады. Ал 28-ноябрдагы шайлоодо добуштар уурдалганын айтты.

«Биз эң эффективдүү шайлоо кампаниясын жүргуздүк. Аз акча коротуп, чоң натыйжага жете алдык. Иликтөөлөр боюнча, биз алдыңкы лидерлердин тобунда куйрук улаш бара жатканбыз. Бирок жасалмалоо, административдик ресурстун аралашуусунун, каржылык басымдын жыйынтыгында добуштарыбыз уурдалды. «Өкмөттүк, бийликтик» деп аталган партияларга добуштар кошулду. Ошондуктан сиздердин добуш колубузга тийген жок», — деп билдирди ал.

«Ата Мекен», «Социал-демократтар», «Улуттар Биримдиги», «Азаттык» партиялары парламенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын билдиришти. Ошондуктан шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, БШКнын учурдагы курамын таратууну талап кылаарын айтып чыгышты.

29-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын өкүлдөрү БШКнын алдына тынч митингге чыгышты. Алар шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылышын, өкмөттүн отставкага кетишин талап кылышты.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары гана элге жарыяланды, алар шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга ылайык, юридикалык мааниге ээ эмес алдын ала маалымат болуп саналарын билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты