Өлкөдөгү 10-февралдагы аба ырайы
- 4 недели мурун
Кыргызгидромет билдиргендей, бүгүн, 10-февралда, күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан, кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз 10…+15;
Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +10…+15;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +4…+9;
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн +1…+3, күндүз +13…+15.
Иллюстрациялык cүрөт: president.kg
Муну бөлүшүү




