Өлкөдө айрым мектептер аралыктан окутууга өттү

  • 1 неделя мурун

Билим берүү жана илим министрлиги Ысык-Көл облусу боюнча 5 мектеп соңку жаан-чачындан кийинки селдин кесепеттерин жоюу жана оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу аралыктан (онлайн) окутууга өткөндүгүн билдирди.

Аралыктан окутууга өткөн мектептер булар:

Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы Ж.Алтымышбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби 16-сентябрга чейин;

Ак-Суу районунун Черик айылындагы Т.Мамбетакунов атындагы толук эмес орто мектеби 20-сентябрга чейин;

Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылындагы Жунуш уулу Жапар атындагы жалпы орто билим берүү мектеби 15-сентябрга чейин;

Жети-Өгүз районунун Кабак айылындагы Ж.Аманбаев атындагы орто мектеби;

Ысык-Көл районунун Темировка айылындагы Э.Керимгазиев атындагы №1 орто мектеби аралыктан окутууга өткөрүлдү.

Мындан сырткары:

Бишкек шаарындагы №60 жалпы орто билим берүү мектеби;

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылындагы А.Арыстанов атындагы орто мектебинин 5-11-класстары;

Талас шаарындагы К.Дарданов атындагы №3 орто мектебинин 2-11-класстары жана №5 орто мектебинин 5-11-класстары;

Талас облусунун Айтматов районунун Бейшеке айылындагы Т.Айтманбетов атындагы орто мектеби ремонт иштерине байланыштуу онлайн окутууга өттү.

Селден улам Чолпон-Ата шаарында, Жети-Өгүз, Тоң, Ысык-Көл райондорунда өзгөчө кырдаал  жарыяланган.

Иллюстрациляык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты