Өлкөдө 8-9-декабрда туруксуз аба ырайы сууктайт
- 2 года мурун
Өлкөдө 8-9-декабрда туруксуз аба ырайы сууктайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-9-декабрда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар түрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
8-11-декабрь күндөрү абанын температурасы акырындык менен төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -10…-15°, күндүз 4…-9°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -1…-6°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -12…-17°, күндүз -2…-7°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -18…-23°, күндүз -6…-11, республиканын тоо этектериндеги райондорунда түнкүсүн -13…-18°, күндүз -5…-10°, тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27° градус суук, күндүз -13…-18°, Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу райондорунда түнкүсүн -30…-35°, күндүз -14…-19 грдуска чейин төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба ырайы авто унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.




