Өлкөдө 500гө жакын көмүр сатуу базасы ачылды

  • 3 дня мурун

Республика боюнча  477 отун, көмүр сатуу базасы ачылды. Бул тууралуу энергетика министрлиги билдирди. Бир тонна көмүрдүн баасы 3500 сомдон 10 миң сомго чейин болууда.   

Бир тонна көмүрдүн баасы:

1.Ысык-Көл облусунда —  4322-9500 сом;

    2.  Нарын облусунда 3500-5800 сом;

    3. Чүй облусунда — 5000-6600 сом;

    4.  Талас облусунда — 6300-8900 сом;

    5. Бишкек шаарында — 5200-6300 сом;

    6. Ош облусунда — 5000-9000 сом;

    7. Баткен облусунда — 5000-10000 сом;

    8. Жалал-Абад облусунда — 4000-7000 сом;

    9. Ош шаарында — 6500-7000 сом.

    Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) 750,0 миң тонна көмүр, анын ичинен “Тегене” Таш-Көмүр кенинен 50 миң тонна, “Кыргызкөмүр” МИ боюнча 520 миң тонна көмүр, Миң-Куш көмүр кенинин “Агулак” тилкесинен 180 миң тонна көмүр жеткирүү көрсөтүлгөн. 

    Маалыматка ылайык, 2024-жылдын январь айынан сентябрь айына чейин Кара-Кече кенинен 664,5 миң тонна көмүр казылып алынган.

    Быйылкы жылы “Кара-Кечеден” калк үчүн көмүр ташуу 16-июлдан башталып, 2024-жылдын 01-октябрына карата 216,6 миң тонна көмүр жөнөтүлдү, Бишкек шаарынын ЖЭБине болсо 2024-жылдын 7-июлунан тарта жөнөтүлө баштаган көмүр бүгүнкү күнгө карата 95,2 миң тоннага жетти.

    Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

    Муну бөлүшүү

    Окшош жаңылыктар

    Журналисттик иликтөөлөр

    Помочь проекту

    договором оферты