“Литературный Кыргызстан” журналы басма ишин токтотту. Эми электрондук вариантта чыгат

  • 2 месяца мурун

“Литературный Кыргызстан” журналы басма ишмердигин токтотту. Эми электрондук вариантта ишмердигин улантат.

Бул тууралуу журналдын Фейсбук баракчасында кабарланды.   

“Журналдын учредителдери бир канча ондогон жылдардан бери өзүбүз болуп келдик. Ал эми Совет жылдарында журнал мамлекеттик дотацияда эле, Кыргызстан Жазуучулар бирлиги жана комсомолдун Борбордук комитетинин басылмасы болуп келген. Бардык дотациялар токтогондон кийин биз бул түйшүктү өзүбүзгө алганбыз. Биздин ачык акционердик коомубуздун “Литературный Кыргызстан” журналы басма ишин гана токтотот. Журнал электрондук вариантта чыга берет” деди анын учредителдери Александр Иванов менен Светлана Суслова.

Журналдын басма ишинин жабылышы «Литературный Кыргызстан» ачык акционердик коомунун чыгашалуулугу, жаш чыгармачыл күчтөрдүн келишинин солгундашы жана учредителдердин өздөрүнүн ден соолугунун начарлашы менен байланыштуу экендиги белгиленди.

Сүрөт: Журналдын Фейсбук баракчасынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты