Ленин шайлоо округу: Кайра шайлоого катышууга арыз берген талапкерлердин саны 26га жетти
- 1 год мурун
Бишкек шаарынын Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердердин саны 26га жетти.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы арыз бергендердин катарында Руслан Ажыбеков, Жээнбек Искендеров, Карачач Исмаилова, Бактыбек Рысалиев бар.
28-майда Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. АСУ маалыматы боюнча Дамира Ниязалиева 6242 шайлоочунун добушун же 35,83% добуш алганы маалымдалган. Бирок, 29-майдын кечинде талапкер Дамира Ниязалиеванын штабынын эки кызматкери кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренесине шек саналып кармалган.
Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты. Мындай чечимди БШК 16-июнда өткөн жыйынында кабыл алды. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болгон Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болду.
Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин райондук №26 шайлоо округунда мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленди.
№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 10-августта аяктайт.
Сүрөттө: Талапкер Бактыбек Рысалиев. БШК