Ленин шайлоо округу: БШК 3 адамдын талапкерлигин каттоодон өткөргөн жок

  • 12 месяцев мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округундагы кайра шайлоого катышууга арыз берген үч адамды талапкерликке каттаган жок. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Каттоодон өтпөгөндөр: Роман Ремнёв, Назарбек Нышанов жана Ильязбек Якубов. Алар керектүү документтерди толук тапшырбаганына, шайлоо фондун түзбөгөнүнө жана күрөөгө акча төлөбөгөнүнө байланыштуу каттоодон өтпөй калды.

Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин райондук №26 шайлоо округунда мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленген.

28-майда саат 20:00дө Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. АСУ маалыматы боюнча Дамира Ниязалиева 6242 шайлоочунун добушун же 35,83% добуш алганы маалымдалган. Бирок 29-майдын кечинде талапкер Дамира Ниязалиеванын штабынын эки кызматкери кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренесине шек саналып кармалган.

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты. Мындай чечимди БШК 16-июнда өткөн жыйынында кабыл алды. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болгон Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты