Ленин районундагы шайлоо. Бүгүн «жымжырт күнү»

  • 11 месяцев мурун

Бишкек шаарынын № 26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалган.

Бүгүн «жымжырт күнү».

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына 30 талапкер аттанууда.

БШК 2023-жылдын 27-мартында өткөн жыйналышында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган Жогорку Кеңеш депутаты Жаныбек Абировдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.         

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде жапырт мушташкандар арасында байкалган. 11-мартта кечинде Бишкек шаарындагы ресторандардын бирине келгендер андагы коопсуздук кызматкерлери менен мушташып кеткен. Бул факты боюнча териштирүү жүрүп жатканы маалым болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты