Ленин округу боюнча кайра шайлоого катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу аяктады

  • 12 месяцев мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 11-августта Бишкектин Ленин округу боюнча кайра шайлоого катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу аяктаганын кабарлады.

Мекеменин маалыматы боюнча, кечээ, 10-августта дагы төрт жарандан шайлоого катышуу үчүн арыз түшүп, талапкер болууну каалагандардын жалпы саны 34кө жетти.

Учурда алардын ичинен алтоо документтерин тапшырып, талапкер катары катталды. Алар: Аскар Алмаз уулу, Токтогул Какчекеев, Эртай Искаков, Турсунбай Бакир уулу, Сулайман Мамаев, Жамалбек Ырсалиев.

Ал эми ушул округдан депутат болгон, мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырган Жаныбек Абировдун кайра шайлоого катышуу арызы 2-августта четке кагылган.

Мекеме эми арыз жазгандар же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү 13-август саат 18:00гө чейин талап кылынган документтерди БШКга бериши керектигин эскертти.

Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин райондук №26 шайлоо округунда мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленген.

28-майда саат 20:00дө Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. АСУ маалыматы боюнча Дамира Ниязалиева 6242 шайлоочунун добушун же 35,83% добуш алганы маалымдалган. Бирок 29-майдын кечинде талапкер Дамира Ниязалиеванын штабынын эки кызматкери кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренесине шек саналып кармалган.

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты. Мындай чечимди БШК 16-июнда өткөн жыйынында кабыл алды. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болгон Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты