Кытайдан Бишкек шаарына 95 автобустун баары  жеткирилди

  • 2 месяца мурун

Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын “Таза шаар” долбоорунун алкагында Кытайдан Бишкек шаарына алынып келет деген 95 автобустун баары жеткирилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Жаңы автобустар ДЕПО-1дин аймагына жайгаштырылды.

Автобустун узундугу 12 метрди түзөт, үч эшиги бар. Жай мезгилинде кондиционер, ал эми кышында жылытуу системалары иштейт. Сыйымдуулугу болжол менен 70 жүргүнчүнү түзөт.

Бишкек шаарына Кытайдын Yutong компаниясынын ишканасынан чыккан 95 автобус алынып келине турганы эки ай мурда белгилүү болгон. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Кытайга сапарынын алкагында Yutong компаниясынын жетекчиси менен жолугуп, Бишкекке алынып келе турган 95 автобусту жеткирүү тууралуу пикир алышкан.

Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын “Таза шаар” долбоорунун алкагында Бишкекке 21-ноябрда биринчи партия менен 20 автобус алынып келинген. Андан кийин калган автобустар Бишкекке жеткириле баштаган.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты