Кытай Кыргызстанга 50 млн. юань кайтарымсыз жардам берет

  • 2 года мурун

Жардам Кыргызстандын коопсуздук тармагына берилет. Мындан тышкары расмий Бээжин Кыргызстанга коронавируска каршы 5 млн. доза вакцина бермекчи. Бул тууралуу Кытайдын лидери Си Цзинпин менен Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун 6-февралдагы жолугушуусунда маалым болду.

Мамлекет башчылары жолугушууда саясий, соода-экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана келечегин, биргелешкен ири долбоорлорду каржылоону талкуулашты.

Си Цзинпин Садыр Жапаровдун кыргыз-кытай кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалап, эки мамлекеттин дипломатиялык мамилеси түзүлгөндөн берки убакта ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк өскөнүн белгиледи. Ал ошондой эле Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстанда ири саясий жана экономикалык реформалар болуп, коррупцияга каршы катуу күрөш жүрүп жатканын белгиледи.

«Кытай Кыргызстан үчүн ишенимдүү дос жана коңшу болуп келген жана болуп кала берет, эки элдин жыргалчылыгы үчүн байланыштар мындан ары да чыңдаларына ишенем» деди Цзинпин.

Президент Садыр Жапаровдун Пекин шаарына 3-февралдан 6-февралга чейин болгон иш сапары аяктады. 6-февралда Бишкекке кайтып келди.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты