Кышка карата даярдыктын жыйынтыгы боюнча кылмыш иши козголду

  • 2 года мурун

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук прокуратурасы тарабынан энергетика министрлигине караштуу «Кыргыз жылуулук коммунэнерго» мамлекеттик ишканасынын 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыктары тууралуу текшерүү жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы боюнча кылмыш иши козголду.

Бул тууралууБашкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди

Текшерүү учурунда маалым болгондой, апрель айында «Кыргыз жылуулук коммунэнерго» мамлекеттик ишканасынын «Нарын МПТ» филиалына 2 даана КВм-2,5 МВт от казандарын сатып алуу конкурсу өткөрүлгөн. Бул конкурстун жеңүүчүсү катары «О.ц.З.К.» ЖЧКсы табылган. «Кыргыз жылуулук коммунэнерго» менен аталган ЖЧК ортосунда жалпы суммасы 9 млн 499 миң 840 сомдук жабдууларды алып келүү келишими түзүлгөндөн кийин жогоруда аталган коомго 50% өлчөмүндөгү жалпы суммасы 4 млн 749 миң 920 сом алдын ала төлөнүп берилген.

Келишимдин шарттарына ылайык, «О.ц.З.К.» ЖЧКсы 2022-жылдын 31- июлуна чейин от казандарды алып келүүгө милдеттүү болгон.

Бирок аталган ЖЧКнын кызматкерлери кызмат абалынан пайдаланып, көрсөтүлгөн мамлекеттик акча каражатын алып, жогорудагы от казандарды сатып алуу үчүн пайдаланбастан, ал каражаттарды өзүнө ыйгарып алышкан. Натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Бул факты боюнча прокуратура тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты