Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит дүйнөдөн кайтты

  • 2 года мурун

Кыргызстандын биринчи бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит 57 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу Бизнс омбудсмен инситуту кабарлады.

Робин Орд-Смит 2019-жылы Кыргызстанда ишкерлердин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча Бизнес-акыйкатчы болуп шайланган.

Ага чейин Робин Орд Смит  Алжир, Румыния, Малайзия, Германия, Жапония жана Иракта көптөгөн дипломатиялык кызматтарды аркалаган. Британиянын Тажикстандагы, андан кийин Кыргызстандагы элчиси болгон.

Кызматка киришип жатканжа Робин Орд-Смит Улуу Британиянын жараны экенине карабастан, чет өлкөлүк жана жергиликтүү ишкерлердин кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын айткан.

Бизнес-акыйкатчы институту Робин Орд-Смиттин ишкерлердин укугун коргоодогу чоң салымдарын белгилеп, маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты