Кыргызстандыктарды WhatsApp’та чет өлкөлүк номерлер менен алдоого аракет кылган шылуундар

Соңку убактарда кыргызстандыктар WhatsApp мессенжери аркылуу чет өлкөлүк номерлерден чалуулар жана SMS билдирүүлөр келип жатканын жазышууда.

Кыргызстандыктарды WhatsApp'та чет өлкөлүк номерлер менен алдоого аракет кылган шылуундар

Мындай күмөн жаратуучу иш-аракеттер эмне максатта, кантип жүргүзүлөт жана аларга кабылганда эмне кылуу керек экенин бул макаладан окуңуз.

Тааныш эмес номерлерден келген чалуулардын жана SMS билдирүүлөрдүн толкуну дүйнө жүзү боюнча 2019-2020 жылдары башталган. Дүйнөлүк практика алардын максаты колдонуучулардын эсебинен пайда көрүү же өз кызматтарын сунуштоо экенин көрсөтөт. Тиешелүү түрдө мындай абоненттерди иш-аракетине жараша шылуундарга жана жарнама иши менен алектенгендерге бөлүшөт.

Кыргызстанда WhatsApp платформасындагы шылуундар тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы 2024-жылдын март айында эскерткен. Милиция шылуундар WhatsApp’тагы видеочалуу аркылуу жарандардын мобилдик капчыктарынан акча уурдашарын белгилеп, тааныш эмес номерлердин, анын ичинде чет өлкөлүк байланыш операторлорунун абоненттеринин чалууларына жооп бербөөгө чакырган.

Эмне үчүн чет өлкөлүк номерлер?

“ПолитКлиника” медиасы мындай иш-аракетти жүргүзгөн чет өлкөлүк операторлорго таандык 20дан ашык номерди анализдеп көрдү. 

Кыргызстандыктарды WhatsApp'та чет өлкөлүк номерлер менен алдоого аракет кылган шылуундар

Кыргызстандагы WhatsApp колдонуучулары көбүнчө Индия өлкөсүнө тиешелүү +91 коду менен башталган номерлерден чалуу жана билдирүүлөрдү алышат. Андан сырткары Индонезия, Пакистан жана Бангладешке тиешелүү +62, +92 +880 коддору менен башталган номерлер да бар. Бирок бул байланышып жаткан адам ошол өлкөдө жашайт дегенди билдирбейт. Дүйнө жүзүндөгү башка коңшу өлкөлөрдүн мисалы мындай иш-аракет үчүн виртуалдуу номерлер кеңири колдонуларын көрсөтөт.

Виртуалдуу номерлер — белгилүү бир адамга катталбаган, арендага берилген же сатып алынган, физикалык SIM-картага же телефонго байланышпаган номерлер. Алар интернет аркылуу иштейт жана ар кайсы өлкөнүн коддору менен болушу мүмкүн. Виртуалдык номерлерди адатта бизнес чалууларды жеңилдетүү, жеке маалыматтарды коргоо үчүн колдонушат. Бирок аларды сатып алуу жана колдонуу оңой болгондуктан ар кандай максаттарда, анын ичинде алдамчылык же жарнама иштеринде да пайдаланышат. Анын мындай ишмердүүлүк үчүн  бир нече артыкчылыктары бар:

— бир эле учурда бир нече аккаунт менен иштөө мүмкүнчүлүгү бар;

— бир адамга же аймакка расмий катталбагандыктан колдонуучунун өздүгү тууралуу купуялык сакталат;

— анонимдүү болгондугу үчүн күч органдары тарабынан байкоо жүргүзүү кыйын;

— чет өлкөдөн келген чалуу же SMSтер колдонуучуларда кызыгууну жаратып, жооп берүүгө түртөт;

— баасы жеткиликтүү, WhatsApp мессенжери аккаунтту бөгөттөп салган учурда да колдонуучу эч нерсе жоготпойт;

Интернетте виртуалдуу номерлерди саткан түрдүү сайттар жана провайдерлер бар.

Кыргызстандыктарды WhatsApp'та чет өлкөлүк номерлер менен алдоого аракет кылган шылуундар

Алардын эң белгилүүсүндө WhatsApp сервиси үчүн ошол эле Бангладеш өлкөсүнүн номерин 28 рубль, Индонезияныкын 39 рубль, Индияныкын 42 рублга сатып алууга болот. Бул кайсы өлкөдөн болбосун интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү болгон ар бир адамдын бул номерлерди сатып алуусу мүмкүн экенин түшүндүрөт.

Алар сиздин номериңизди кайдан алат? 

Телефон номер электрондук почтанын дареги сыяктуу эле, күнүмдүк жашоодо колдонулган жеке маалыматтын эң кеңири таралган түрү. Адамдар аны интернеттин ар кайсы тармагында ачык маалымат катары калтыргандан коркунуч көрүшпөйт. Мисалы, социалдык медиа аянтчаларынан, веб-сайттардан жана интернеттеги телефон справочниктеринен көптөгөн адамдардын номерин табууга болот. Онлайн жумуш агенттиктерине калтырган резюмелер, бош убакытта толтурган онлайн-формалар, анкеталар, же Ozon, Wildberries, Lalafo сыяктуу маркетплейстер маалымат агымынын булагы болушу мүмкүн. 

Өздүк маалыматтарга жетүүнүн дагы бир жолу — бул даркнеттен абоненттердин базасын сатып алуу. Darknet — бул интернеттин, көбүнчө анонимдүү жана мыйзамсыз иш-аракеттер үчүн колдонулган, жалпыга жеткиликтүү болбогон караңгы бөлүгү.

Ал жактан түрдүү онлайн сервистердин колдонуучуларынын маалымат базасын сатып алса болот.

Мындай чалууларды жана  SMS билдирүүлөрдү максатына жана колдонгон схемаларына карап бир нече түргө бөлүүгө болот.

1. Оңой жол менен акча табууну сунуштаган алдамчылык

Бул терең иштелип чыккан схемалардын бири. Мында сизге көбүнчө чалуу менен эмес, “Саламатсызбы, биз сүйлөшсөк болобу?”, “Сиз бул жердесизби?” деген кыска билдирүүлөр менен кайрылышат. Билдирүүгө жооп бергениңизде соцтармактарда, Google картада ар кандай кафе, ресторан, отель ж.б лайк жана комментарий калтырып акча табууну сунушташат. 

Алдамчылыктын бул түрүнө кабылган Амангелди өз тажрыйбасы менен бөлүштү:

“Мага WhatsApp аркылуу +62 коду менен башталган номер жазып, резюмемди көп жерден көргөнүн айтып, жумуш сунуштаган. Мен макул болуп башында Фейсбук жана Инстаграмдан лайк басып, билдирүүлөрдү калтырып, бул жумуш үчүн 200 сом таптым. Интернетте мындай жол менен өз бизнесинин рейтингин көтөргөндөр көп болгону үчүн анча деле маани берген жокмун. Андан кийин Телеграмдан “Отличная команда” деп аталган тайпага кошушту.  Тайпада ошол сыяктуу эле тапшырма аткарарыбызды бирок ар бир бешинчи же онунчу тапшырма үчүн депозит төлөшүбүз керектигин айтышты. Күмөн санай баштадым. Атайын сайтка катталгыла, ал жактан акчаңардын пайызын карап турасыңар дешкен. Алар жиберген сайтка адамдын аты-жөнү, телефон номери жана банктагы эсеп номери менен каттайт экен. Мындан кийин аларга ишенген жокмун, депозит которуудан баш тартып, тайпадан чыгып кеттим. Бирок айтылган шарттарды аткарып, акча которгондор тайпага скриншотторду жиберип турушчу”. 

Биз анализге алган номерлерге жазып көрүп, дал ушундай “Отлиная команда-8” аталышындагы тайпага кошула алдык.

Бирок билдирүү жөнөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн жогорудагы маалыматтар талап кылынгандыктан тайпанын толук кандуу мүчөсү боло алган жокпуз. Ошенсе да жумуш системасы боюнча айрым маалыматтарды ала алдык.

Кыргызстандыктарды WhatsApp'та чет өлкөлүк номерлер менен алдоого аракет кылган шылуундар

Ар бир тапшырмага алар “миссия” аталышындагы сүрөт, астына лайк жана комментарий калтырылуучу постко шилтеме жиберишет. Катышуучулар тапшырманы аткарып, далил катары скриншотторду жөнөтүшөт (1-сүрөт). Андан кийин эреже боюнча аткарылган тапшырма үчүн акысын алып кийинки деңгээлге өтүшү үчүн ортодо ар бир 5-10-16-22 тапшырмаларда алгач акча которуу керек (2-сүрөт). Бул үчүн ар бир катышуучу 1000 сомдон 50 миң сомго чейин төлөм жүргүзүшөт (3-сүрөт). Тапшырма аткарылган соң катышуучулар алдын ала төлөгөн суммага 30% кошулганын катталган сайттан көрө алышат (4-сүрөт). 

Биз реквизиттеги номерлерди текшерип көрдүк. Жыйынтыгында азыркы учурда көрсөтүлгөн номерлердин жана эсеп номерлеринин баары же активдүү эмес, же чалуулар аткарылбоочу номерлер болуп чыкты. 

Бирок буга чейин ЖМКда дал ушундай тайпада иштеп, акча которуп, чоң суммадагы акчасын кайтара албай калгандар тууралуу материалдар чыккан.

Мындан сырткары WhatsApp аркылуу төмөндөгү схемалар колдонулуп келет.

2. Видеочалуулар менен жүргүзүлгөн шылуундук

Бул схемада да номердин активдүүлүгүн текшерүү үчүн алгач кадимки чалуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Колдонуучудан кандайдыр бир реакцияны байкаганда алар видеочалууларды жасай башташат. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө алар телефондун экраны менен бөлүшүүгө үндөп, сиз муну жасаганыңызда телефонуңуз аркылуу жасаган бардык кыймыл-аракетти көрүүгө мүмкүндүк алышат. Дал ушул учурда номериңизге онлайн-банкингди тастыктоочу код жиберишет. Аны текшерүү үчүн тиркемеге кирип сыр сөздү жазарыңыз менен сиз өз эсептериңизге жол ачкан болосуз.

3. Кооптуу шилтемелердин схемасы

Мында белгисиз номерден кызыктуу сунуш менен шилтеме келет. Шилтеме сизди күмөндүү сайтка багыттап, шылуундар ал аркылуу сиздин жеке маалыматтарыңызга жетүүгө аракет кылышы мүмкүн. Каттоо үчүн киргизилген маалыматтар сиздин социалдык тармактарыңызга, банк эсебиңизге коркунуч туудурушу ыктымал. Шилтемелер менен жүргүзүлгөн дагы бир схема — бул зыяндуу программаны жүктөө аркылуу адамдардан акча өндүрүү. Бул учурда шилтемеге кирүү менен сиз уюлдук телефонуңуздун же ноутбугуңуздун жумушун жайлаткан же блоктогон зыяндуу программаны жүктөйсүз. Кылмышкер болсо техникаңызды кайра иштетип берүү үчүн акча талап кыла баштайт. 

4. Жарнама схемасы

Сизге алгач белгисиз номер чалып, жооп берериңиз менен өчүрүп коюшу мүмкүн. Адатта мындай чалуу абонент “тирүү” экенин билүү үчүн жүргүзүлөт. Сизден жооп алган соң алар ошол эле же башка номер менен кайсы бир компаниянын кызматтарын же товарын сунуштай баштайт. Мисалы, дары-дармек, косметика, ар кандай акча төлөнүүчү сайттарга катталуу, төмөнкү пайыз менен насыя ж.б

Кыргызстанда интернетте жүргүзүлгөн жарнамага атайын көрсөтмөлөр жазылган мыйзам жок. Бирок “Жарнама жөнүндө” мыйзамдын жалпы талаптары жазылган 5-берененин 9-бөлүмүндө  “Маалыматтык технологияларды, мобилдик телефондорду, факстарды жана электрондук почтаны пайдалануу менен санкцияланбаган жарнаманы жөнөтүүгө тыюу салынат” деп айтылат.

Мыйзамдын контекстинде санкцияланбаган жарнама колдонуучу атайын макулдугун бербеген жарнама болуп эсептелинет. Анын негизинде сиз мурун тааныбаган, жарнамалык билдирүүлөрүн жөнөтүп туруусуна макулдугуңузду бербеген компаниялар сизге жарнама жөнөтсө, мыйзамсыз болуп эсептелинет.

Андан сырткары санкцияланбаган жарнамалар WhatsApp платформасынын эрежелерин бузат. Эгер колдонуучу ал аккаунтка арыз менен кайрылса, платформа анын иш-аракетин бөгөттөй алат.

ИИМ эмне дейт?

Мындай иш-аракеттер тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы төмөндөгүдөй комментарий берди:

“Санариптешүү менен элдин басымдуу бөлүгү каражатын электрондук капчыктарда сактап, мобилдик тиркемелерди активдүү колдоно башташы менен кылмыштуулуктун улам жаңы түрлөрү чыгууда. WhatsApp аркылуу келген мындай чалуулар жана билдирүүлөр дүйнө жүзү боюнча катталып жатат. Кыргызстанда салыштырмалуу аз. Азыркы учурда бул боюнча Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Кибер кылмыштуулук боюнча бөлүмү үзгүлтүксүз иш алып барууда. Ошондой эле кылмыштуулукту болтурбоо боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлүп, видеороликтер тартылып, калк арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Мындай кылмыштуулуктун курмандыгы болбоо үчүн элементардык коопсуздук эрежелерин сактоо керектигин элге жеткирүү маанилүү”.

Эмне кылуу керек?

Интернеттеги шылуундуктун курмандыгы болгондо төмөндөгүдөй чараларды көрүү сунушталат:

1. Шылуундукка кабылганыңыз тууралуу жергиликтүү укук коргоо органдарына билдирүү. Кыргызстанда Ички иштер министрлигине (ИИМ) кайрылуу керек.

2. Сиз колдонгон платформанын (мисалы, Facebook, WhatsApp, Instagram), коопсуздук кызматына билдирүү.

3. Шылуундукка байланышкан бардык билдирүүлөрдү, электрондук почталарды, скриншотторду жана башка далилдерди сактоо. Бул укук коргоо органдарына тергөө жүргүзүүдө жардам берет.

4. Айрым учурларда алар колдонгон IP-даректерин жана журналдарды аныктоо мүмкүн. Бул маалыматтарды интернет провайдерлеринен жана платформалардан алууга болот.

Интернет шылуундарын табуу жана жоопкерчиликке тартуу кыйын. Бул процесс ар кандай факторлорго, анын ичинде шылуундардын колдонгон технологияларына жана укук коргоо органдарынын мүмкүнчүлүктөрүнө жараша болот. Ошондуктан эң жакшысы коопсуздугуңузду камсыздоо үчүн төмөндөгү эрежелерди сактоо эффективдүү болуп эсептелет.

1. Ар кандай медиа платформаларга, сайттарга жана маркетплейстерге телефон номериңизди калтырбоого аракет кылыңыз.

2. Жумуш агенттиктерине кайрылууда анын ишенимдүүлүгүнө көңүл буруңуз, күмөндүү анкеталарды толтуруудан баш тартыңыз.

3. WhatsApp аркылуу келген чалуу же SMS билдирүүлөргө жооп бербеңиз. Бул абоненттердин активдүүлүгүн текшерүү учурунда процессти токтотууга жардам берет.

4. Күмөндүү шилтемелерге кирбеңиз, өзүңүз тууралуу жеке маалыматтарды бербеңиз.

5. Чалуу келген номерлерге платформага арыз калтырып, кошумча коопсуздук үчүн блоктоңуз.

6. Эгер контактыңыздагы адамдардан башка номерлер менен байланышуу муктаждыгы болбосо, “Account” —> “Privacy” бөлүмүнө өтүп, «My Contacts» опциясын тандоо аркылуу чалууларды жана билдирүүлөрдү түздөн-түз контактыңызда жок номерлерден чектей аласыз.

7. Антивирус жана коопсуздук программалары менен түзмөктөрүңүздү текшерип, зыяндуу программаларды аныктап, тазалаңыз.

9. Жакындарыңыз жогорудагы схемалардын курмандыгы болуп  калбашы үчүн аларга бул маалыматты жеткиргенге аракет кылыңыз.

Телефон шылуундары тууралуу кененирээк маалыматты бул шилтемелерден окусаңыз болот.

“IPhone13 Pro Max уттуң”. Инстаграм аркылуу жарандарды алдоого аракет кылгандар бар

“Миллион сомго жакын акчамды алдаттым”. Телефон шылуундарынан кантип сактанууга болот?

“2% үстөк менен насыя берилет”. Фейсбукта байма-бай насыя сунуштаган баракчаны текшеребиз

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты