“2% үстөк менен насыя берилет”. Фейсбукта байма-бай насыя сунуштаган баракчаны текшеребиз
- 3 месяца мурун
- Фактчекинг
21-июнда Фейсбук социалдык тармагында “коопсуз жана тез кызмат көрсөтүү” деп аталган баракча муктаж болгон үй-бүлөлөргө 2% үстөк менен насыялар берилери тууралуу бир нече тайпага жана жеке баракчаларга билдирүүлөрдү калтырган. Билдирүүлөргө айрым адамдар жооп жазып, насыянын шарттары тууралуу сурагандар болгон.
“ПолитКлиника” медиасы бул баракчаны текшерип көрдү.
“Биз француз компаниясыбыз”
Баракчанын жалпы 28 катталуучусу бар. Кызмат көрсөтүүчү компаниянын аты жана кошумча маалыматтар берилген эмес. Болгону билдирүүлөрдөгү текст менен пост бөлүшүлүп, байланыш үчүн номер көрсөтүлгөн жана Finсa банкынын сүрөттөрү киргизилген.
Бирок Кыргызстандагы биз билген Finсa банкынын Фейсбукта “FINCA Bank Kyrgyzstan” аталышындагы расмий баракчасы болгондуктан бул аккаунттун ага эч кандай тиешеси жок экенин айтсак болот.
Байланыш үчүн калтырылган WhatsApp номерине келсек, көрсөтүлгөн номер +229 коду менен башталат. Google издөө системасы аталган код Африкада жайгашкан Бенин Республикасынын коду экенин көрсөттү.
Шилтемедеги номерге байланышып компания тууралуу маалымат сураганыбызда жооп берген адам “Credit Agricole” деген француз компаниясына шилтеме берди.
“Credit Agricole” — бул чыныгы кооперативдик банк. Баш кеңсеси Францияда жайгашкан. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө иш алып барат, бирок Кыргызстанда атайын филиалы же өкүлчүлүгү жок. Банктын расмий сайты жана Фейсбукта расмий баракчасы бар. Анда кардарларга байланыш үчүн сайтта көрсөтүлгөн “контакты” бөлүмүнө же электрондук почтага кайрылуу сунушталат. Атайын кызматкерлердин номерлери көрсөтүлбөйт.
Насыя сунуштаган адамдын банкта иштегени тастыкталган жок
Маектин жүрүшүндө байланышкан адам аз пайыздагы насыя сунуштап, бул үчүн аты-жөнү, ID картанын сүрөтүн, жашаган даректи, Кыргызстандагы колдонгон банктын аталышын жана андагы эсеп номерин камтыган маалыматтарды сурады. Ошондой эле, процесстин акырында 5500 сом өлчөмүндөгү административдик салык төлөнүшү керектигин айтты.
Мындай өздүк маалыматтарды берүүдөн мурда бизге банктын конфиденциалдуулук жөнүндө документин жана оператордун аталган банкта иштешин тастыктоочу документин жиберүүсүн сурандык. Ал Солаццо Даниела Биелла аттуу италиялык жаранга таандык паспорттун сүрөтүн жиберди.
Жана банк насыяларды кардар кайсы өлкөдөн экенине карабастан берерин, өзү болсо котормону колдонуп биз менен сүйлөшүп жаткандыгын айтты.
Бирок жогорудагы документтерди кайра сураганыбызда “Сиз мага ишенишиңиз керек, убакытты текке кетирүүдөн алыс болушубуз керек”,- деген сөздөр менен башка маалымат берүүдөн баш тартты. Талап кылууну улантканыбызда кайра убакыттын текке кетип жаткандыгын айтып, андан кийинки суроолорго эч кандай жооп берген жок.
Белгилей кетсек, банктар кайсы өлкөдө жайгашканына карабай кызмат көрсөтүү стандарттарына жана кардарларды коргоо нормаларына ээ болуп эсептелет. Ага ылайык, консультациянын башында кызматкер өзүнүн аты-жөнүн, кызмат ордун жана банктагы бөлүмүн айтууга милдеттүү. Бул стандарттар сакталбаган учурда кардар толук түрдө кызматкердин идентификациялык документин сураганга укуктуу. Идентификациялык документ банк логотибин, кызматкердин аты-жөнүн, сүрөтүн жана кызматтык ордун көрсөтүп турушу керек. Адамдын жеке паспорту тастыктоочу документ болуп эсептелбейт.
Ал эми кардардын жеке маалыматтары кандайча колдонулары жана корголоору жөнүндө маалымат берүү банк кызматкеринин милдетине кирет жана кызмат көрсөтүү процессинин бөлүгү болушу шарт.
Шылуундардан этият болуңуз!
Буга чейин интернет айдыңында фишинг менен финансылык махинация жүргүзгөн шылуундар тууралуу көп эле айтылып келген. Көбүнчө алар банктын кызматкери болуп кайрылып, банк эсебинин номерин, картанын сыр сөзүн, CVV кодун сурагандыктан мындай күмөн туудуруучу аракеттерден шылуундарды аныктоо жеңилирээк болчу. Бирок убакыттын өтүшү менен алдамчылыктын жаңы түрлөрү чыга баштады. Мисалы, алар кадимки банктар сыяктуу эле паспортуңуздун сүрөтүн, дарегиңизди, почта индексин, банктагы эсебиңиздин номерин, кесибиңиз жана кирешеңиз тууралуу сурашы мүмкүн. Бул маалыматтарды алар төмөндөгүдөй максаттарда колдоно алат:
1. Башка бирөөнүн атына кредит алуу үчүн онлайн түрдө банктарга жана башка микрофинансылык уюмдарга кайрыла алышат.
2. Дагы да ишенимдүү махинациялар үчүн сиздин атыңызды, паспортуңуздун сүрөтүн колдонуп, башка адамдарды алдашы мүмкүн.
3. Мыйзамсыз иштеген компанияларды сиздин атыңызга каттап коюусу мүмкүн.
4. Жакындарыңызга сиздин абалыңыз начар экенин айтып, акча которууну суранышы мүмкүн.
Мындай шылуундарды аныктоо бир топ кыйын. Бирок финансылык коопсуздугуңуз үчүн төмөндөгү нерселерге маани берүү алданып калуу коркунучун бир топ азайтат:
а) ар кандай сайттардагы билдирүү иретиндеги күмөн жараткан сунуштарга, жарнамаларга ишенбеңиз. Адатта белгилүү банктар жана финансылык уюмдар өз кызматтарын жана жарнамаларын расмий сайттан бөлүшүшөт. Башка учурда кызматты сунуштаган компания түздөн-түз көрсөтүлөт.
б) банк менен дайыма расмий сайтта жана тиркемелерде көрсөтүлгөн расмий каналдар же ишеним телефону аркылуу гана байланышыңыз. Жеке адамдын WhatsApp аккаунту же электрондук почтасы ж.б каналдарга ишкана өзү багыт бергенде гана ишенүү керек.
в) эгер сизге кайрылган адам күмөн жаратып жатса, ишкананын өзүнө кайрылып, банктын сиз менен жүргүзгөн акыркы иш-аракеттери тууралуу сурап алсаңыз болот.
Жыйынтык: Аз пайыз менен насыя сунуштаган колдонуучунун кайсы бир банкта иштегени тастыкталган жок. Шылуундардын торуна илинип калуудан сак болуңуз!