Кыргызстандыктарды Львов шаарынан Польша чек арасына жеткирүү иштери уюштурулуп жатат

  • 2 года мурун

Кыргызстандык жарандарды Львов шаарынан Польша чек арасына чейин жеткирүү үчүн автобус уюштурулуп жатат.

Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов Фейсбук баракчасында билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандык жарандарды жеткирүү үчүн элчиликтин эсебинен Львов шаарынын Польшанын чек арасына чейин 60 автобус уюштурулган. Андан ары Варшава шаарына чейин поездге акысыз жеткирилет.  

Буга чейин Киев жана Львов шаарларынан 36 кыргызстандык жаран Венгрияга эвакуацияланды.

1-мартта 114 кишиден турган кыргызстандыктардын тобу Украинадан Венгриянын баш калаасы Будапешт шаарына жеткирилгени кабарланган. Чек арадан аларды дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери тосуп алып, мейманканаларга жайгаштырышкан. Мындан тышкары дагы 90дон ашык кыргыз жараны Польшага чыгып кеткени айтылган.

Буга чейин Кыргызстандын ТИМи Украинада коопсуз турак жайы жок кыргызстандыктар үчүн Киев, Харьков жана Одесса шаарларында убактылуу кабыл алуу жайлары ачылганын билдирген.

Украинада жалпысынан Кыргызстандын 1350дөн ашык жараны бар. Бирок алардын 680и гана консулдук каттоодо турат.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты