Кыргызстанда ВИЧ-инфекциясына каршы акысыз текшерүү жүргүзүлөт

  • 2 года мурун

Кыргызстанда СПИДке каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата улуттук өнөктүк башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин “СПИД” республикалык борборунан билдиришти.

Аталган өнөктүктүн алкагында жарандар “СПИД” кызматынын бардык структуралык бөлүмдөрүндө өздөрүнө жана жыныстык өнөктөштөрүнө илдетти шилекей аркылуу аныктоочу экспресс-тесттерди акысыз жана купуя түрдө алып, өз алдынча тесттен өтө алышат. Мындан тышкары ири гипермаркеттерде жана базарларда анонимдүү тестирлөөдөн өтүп, акцияларга жана өнөктүктөргө катышуу мүмкүнчүлүгү бар.

«СПИД» борбору билдиргендей, 2021-жылдын 1-октябрына карата өлкөдө ВИЧке чалдыккандардын саны 10 328 жетти. Илдет негизинен жыныстык жол менен жугат. Тагыраак айтканда, бардык аныкталган учурлардын 51,9% жыныстык жол менен жукканы белгилүү болгон.

2021-жылдын 9 айында Кыргызстанда 400 миңден ашуун адам ВИЧке текшерилип, 598 адамдан илдет аныкталган. Алардын 81,3% илдетти жыныстык жол менен жуктуруп алганы белгилүү болду.

Өлкөдөгү ВИЧ илдетинин 45 пайызы СПИДдин акыркы баскычында, дарыгерлер жардам бере албай калган учурларда аныкталат.

ВИЧ акыркы 40 жылдан бери дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда дагы коомдук саламаттык сактоо системалары үчүн олуттуу көйгөй бойдон калууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты