Кыргызстанда эки жашка чейинки балдардын 40% ашыгы гана эмделген

  • 3 недели мурун

Кыргызстанда эки жашка чейинки балдардын 40,7% гана бардык тийиштүү эмдөөнү алган. Балдардына вакцина сайдыргандардын саны 2018-жылдан бери 36% кыскарган.

Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 27-августтагы маалыматында айтылат. Ага ылайык, үч жашка чейинки беш баланын төртөө эмделген.

Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлиги 2023-жылы 22 миң киши эмдөөдөн баш тартканын билдирген. Өткөн жылдан бери кызамык күч алып, эки жылда тогуз бала чарчап калды. Вакцинадан баш тарткандардын көбү мындай чечимге диний түшүнүктөн улам барганы кабарланган.

Министрлик бул жаатта маалымат таратуу үчүн дин өкүлдөрүнөн да көмөк сурап, тиешелүү мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр кабыл алынган.

2018-жылдын 11 айында жети миң киши вакцинадан баш тарткан. 2019-жылы бул көрсөткүч 6,5 миң кишини түзсө, 2020-жылы жети миң киши болгон.

Эмдөөдөн баш тарткандар 2023-жыл кескин көбөйүп, 22 миң киши балдарына вакцина сайдырууну каалабай, тил кат жазып берген.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты