Кыргызстанда 3 миңден ашык тигүү цехи жабылып, миңдеген кишилер жумушсуз калганы айтылды

  • 7 месяцев мурун

Бүгүн, 16-январда, Жогорку Кеңештин «Ала-Тоо» депутаттык тобунун жыйынында жеңил өнөр жай тармагындагы абал боюнча маалымат угулду. Жыйынга тигүү тармагынын өкүлдөрү, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Тигүү тармагынын өкүлдөрү Wildberries маркетплейси менен иш алып барууда жаралып жаткан кыйынчылыктар, Россия рыногуна кирүүнүн чектелиши, ошондой эле лабораториялык базанын жана сертификациялоо мүмкүнчүлүктөрүнүн жоктугу Европа базарларына чыгууга тоскоол болуп жатканы белгиленди.

Ишкерлердин айтымында, 3 миңден ашуун тигүү цехи жабылып, миңдеген жарандар жумушсуз калган. Ушуга байланыштуу тармакты жана ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоого алуу өтүнүчү айтылды.

Депутат Жумабек Салымбеков экономика жана коммерция министринен жабылган тигүү ишканалардын санын тактоону өтүндү. Кыргызстан ЕАЭБге мүчө экенин эске салып: «Көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү эске алуу менен министрлик тарабынан кандай чаралар көрүлүүдө?» деген суроону узатты. Буга экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков учурда Wildberries маркетплейси менен кызматташуу маселелери иштелип жатканын маалымдады.

Депутат Сеидбек Атамбаев тигүү тармагына Бангладеш, Пакистан жана Өзбекстандан адистерди тартуунун механизмдерине жана шарттарына көңүл бурду.

Депутат Таалайбек Масабиров логистикалык борбор куруу жана тигүү ишканаларына жеңилдетилген кредиттерди берүү маселесин карап чыгууну сунуштады.

Министр Бакыт Сыдыков Wildberries логистикалык борбору 2028-жылга чейин курулуп, пайдаланууга берилерин билдирди.

Эл өкүлү Болотбек Борбиев тигүү өндүрүшүн көмүскө экономикадан чыгаруу зарылдыгын белгиледи.

Депутат Чолпон Эсенаманова Россияга товар киргизүүнүн эрежелери, продукцияны маркалоо жана кошумча нарк салыгы боюнча маселелерди ортого салды.”Ала -Тоо» депутаттык тобу белгиленген көйгөйлөрдү чечүү боюнча Министрлер кабинетине бир катар тапшырмаларды берди. Анын ичинде жеңилдетилген шартта насыялоо, сатуу ж.б. маселелерди кароо сунушталды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты