Бишкекте өрттүн кесепетинен секелек кыз көз жумду
- 3 года мурун
Бишкек шаарынын Ленин районунун Аммосов көчөсүндө жайгашкан тигүүчү цехтен өрт чыккан. Өрт саат 13:26да чектөөгө алынды.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Тилсиз жоонун» кесепетинен 4 жашар кыз көз жумган (аты-жөнү такталууда).
Өрттүн аянты болжол менен 125ч.м. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жаткандыгы маалымдалды.
Муну бөлүшүү