Кыргыз-Түрк “Манас” университетиндеги тосмо алына баштады

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарында Башкы планды ишке ашыруунун алкагында Кыргыз-Түрк “Манас” университетиндеги тосмо алына баштады.  

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэрияы билдирди.

Шаар мэри Айбек Жунушалиев курулуш иштери жүргүзүлүп жаткан жерге барып, жергиликтүү тургундар жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин өкүлдөрү менен жолугуп, долбоордун мааниси тууралуу  түшүндүрмө берилди.

Көчөнүн жалпы узундугу 1,35 чакырымды түзөт. Долбоорго ылайык, көчө азыркы жол тилкесинин багыты боюнча 8 метр кеңдикте курулат. Ошондой эле жолдун эки тарабына жөө адамдар үчүн тротуар салынат, жашылдандыруу  сакталат.

Жаңы жол Чыңгыз Айтматов проспектин Тыналиев көчөсү, андан ары Курчатов көчөсү менен байланыштырат. Бул Ахунбаев жана Жайыл баатыр көчөлөрүндөгү унаа тыгындарын азайтууга, ошондой эле аймактагы транспорттук каттамды жакшыртууга шарт түзөт.

Жолдун бир бөлүгү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин жээги менен өтөт. Университеттин студенттеринин жана шаар тургундарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан эки жер алдындагы жөө жүрүүчүлөр өтмөгү курулат.

Мындан сырткары, иштин алкагында инженердик коммуникациялар которулуп, жаңыланат, заманбап жарыктандыруу системалары орнотулат, жол белгилери чийилип, зарыл болгон жол көрсөткүчтөрү коюлат. Ошондой эле майыптыгы бар жарандардын эркин жана ыңгайлуу жүрүүсү үчүн тийиштүү шарттар түзүлөрү айтылды.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты