1-октябрда: Көпчүлүк аймакта жаан жаашы күтүлөт

  • 2 недели мурун

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, 1-октябрда күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан жаашы күтүлөт. Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, күндүз 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24;

Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +19…+24;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24;

Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+24;

Бишкек шаарында күндүз жаан жаашы күтүлөт. Түнкүсүн +12…+14, күндүз +22…+24.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты