«Кылым шамынын» жетекчиси: «Биздин уюмду жапсак, жардам сурап келгендерди кимге жөнөтөм?»

  • 1 год мурун

Бүгүн, 13-июнда «Кыргызстандын сөз эркиндиги жана адам укуктары: мыйзам демилгелеринин коркунучтары» деп аталган жыйын өттү.

«Кылым шамы» укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун артка кайтарууну сунуштады.

«Жогорку Кеңештин ар бир чакырылышы адам укугуна байланыштуу кандай демилгелерди кабыл алганын билебиз, эстейбиз, бул биздин тарыхыбызда калат. 7-чакырылыш адам укуктары боюнча бир дагы мыйзам же чечим кабыл алган эмес. Бардык демилгелери адам укуктарына каршы болуп жатат. Адамдардын эс тутумунда баланча деген ат калбайт. Баланча чакырылыштын демилгеси, чечими деп калат.

Мисалы биздин уюмга күнүгө 2-3төн киши келет. Алар Нарматовага (ред. аталган мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Надира Нарматова) окшогон бай эмес, алардын мандаты жок. Мен бул мыйзам кабыл алынса 5-10 жылга камалгым келбейт. Биз уюмубузду жаап салсак, кайрылган карапайым жарандарды кимге жөнөтөм? Чет өлкөнүн акчасын алып коргоп жатасыңар дейсиңер. Мен чет өлкө эмес, силерден дагы алганга макулмун. Биздин ошол жөнөкөй, карапайым жарандарга жардам бергенге даярмын. Ошондо чет өлкөнүн каражаттары менен коргогон адамдар кимдер болуп калат? Мыйзам долбоорлорун артка кайтаруу керек. адам укугуна каршы демилгелерди токтотуш керек», — деди Гүлшайыр Абдирасулова.

Былтыр ноябрь айында “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин комитетине качан киргизилери азырынча белгисиз. Мыйзам долбоорунун демилгечилери Надира Нарматова баш болгон Жогорку Кеңештин 30дан ашуун депутаты.

31-майда парламенттин жыйынында депутат Дастан Бекешев бул мыйзам долбоорун кайрадан карап чыгууну сунуштаган. «Мыйзам долбоорунда коммерциялык эмес уюмдарды чет элдик агент катары эсептөө сунушталууда. Анда коммерциялык эмес уюмдардын көбү жабылат. Бул мыйзам долбоорун кайра карап чыгыш керек, көп уюмдар жабылып же өлкөдөн чыгып кетишет. Эгер мыйзам бузуу болсо, биздин ишибизге киришсе, башка механизмдер бар», — деген Бекешев.

Мыйзам долбооруна демилгечи болуудан бир канча депутат баш тарткан.

Бир катар эл аралык уюмдар «чет өлкөлүк өкүл» долбоорун четке кагуу боюнча кыргыз бийлигине кайрылышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты