Кыйноонун алдын алуу борборунун директорун шайлоонун мыйзамдуулугу боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү
- 1 неделя мурун
Бүгүн, 30-октябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын кайрылуусу боюнча Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борборунун координациялык кеңешинин курамын шайлоонун мыйзамдуулугун жана директорун шайлоонун легитимдүүлүгүн иликтөө боюнча убактылуу комиссия түзүлдү.
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева маалымат берип, аталган мекемеге директор шайлоодо мыйзам сакталбай калганын тууралуу билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаттары Камила Талиева (“Ата-Журт Кыргызстан”), Медербек Алиев (“Ишеним”), Бакыт Тентишов (“Ынтымак”), Винера Раимбачаева (“Ыйман Нуру”), Нилуфар Алимжанова (“Альянс”), Бактыяр Калпаев (“Мекенчил”), Кубанычбек Самаков (“Элдик”) курамындагы убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү.
Кыйноолордун алдын алуунун Улуттук борборунун директору болуп Бакытбек Касымкулов жана борбордун үч мүчөсү Сардарбеку Багишбеков, Баатыру Ботобеков жана Нурислам Раимжанов шайланган.
Сүрөт: kenesh.kg