Курсант кыздын өлүмү: Негизги шектүү кылмышты мойнуна алган жок

  • 1 год мурун

ИИМ Академиясынын курсанты Айза Улан кызынын өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши сотко өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу жактоочу Клара Касымалиева билдиргенин «24.kg» сайты жазды.

Жактоочунун айтымында, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда соттук териштирүү али баштала элек.

«Айза Улан кызынын өлүмүнө себеп болгон жол кырсыгы боюнча кылмыш ишин Бишкектин Ички иштер башкармалыгы тергеген. Шектүү окуядан үч күн өткөндөн кийин кармалган. Ал оорусун эске алып, уулунун күнөөсүн өзүнүн мойнуна алган. Биз Башкы прокуратурага кайрылганыбызда ишти шаардык көзөмөл органы иликтеп жаткан. Ал жерден рулда У.Н. эмес, анын уулу Н.Э. болгонун аныктоого мүмкүн болду. Ал мас абалында болгон«, — деди Клара Касымалиева.

Курсант кыздын өлүмү: Негизги шектүү кылмышты мойнуна алган жок

Эске салсак, 2023-жылы 9-январда Бишкектин Жибек Жолу жана Республика көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө өтмөктөн “Тойота Эстима” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 24 жаштагы У.А. аттуу кызды сүзүп кетип, кыз окуя болгон жерде көз жумган. Маркум ИИМ Академиясынын курсанты болгон. Бул иш боюнча шектүү катары 48 жаштагы У.Н. аттуу жаран кармалган.

Ички иштер министрлигинин академиясынын курсантын өлтүрө сүзүп кеткен деген шек менен кармалган айдоочу үй камагына чыгарылган. Мындай чечимди Бишкектин Свердлов райондук соту кабыл алды.

Сот бул чечим айыпталуучунун саламаттыгына байланыштуу кабыл алганын билдирди. Маалыматка ылайык, жактоочулар айыпталуучунун бешинчи стадиядагы бөйрөк оорусу менен ооруй турганы, бөйрөгүнүн өнөкөт оорусунан улам 2016-жылдан бери гемодиализ алып жүргөнү тууралуу медициналык документтерди көрсөтүшкөн.

12-майда Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан ИИМ Академиясынын курсанты, 1998-жылы туулган Айза Улан кызынын өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында У.Э.Н. аттуу жаран кармалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты