“Курч ТВ” Ютуб-каналы видеосунда маалыматты бурмалап, кастык тилин колдонгон (Фактчекинг)

Ютубдагы “Курч ТВ” каналы 18-майга караган түнү Бишкекте болгон окуя боюнча “Өлкөнүн тынчтыгын бузуп, пайда издегендер” аталышындагы материал жасаган. Бирок анда окуянын чоо-жайы, кесепеттери жөнүндө эмес, көз карандысыз журналисттер жөнүндө сөз болот. Видеодо Семетей Аманбеков, Али Токтакунов, Канышай Мамыркуловага карата каралоочу маанайдагы сөздөр айтылган.

Журналисттерге мындай окуяларды чагылдырууга тыюу салынганбы? “ПолитКлиника” медиасы текшерип көрдү. 

Журналисттердин укугун мыйзам кепилдейт 

Кыргызстанда журналисттердин укук жана милдеттери так жазылган “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзам бар. Аталган мыйзамда ММКлардын ишмердүүлүгү, анын ичинде журналисттерге карата нормалар каралган. Мыйзамдын 4-бөлүмүндө ким журналист катары ишмердүүлүк жүргүзө алары, анын укук жана милдеттери көрсөтүлгөн. 20-беренеде “журналисттик күбөлүгүн көрсөтүү менен табигый кырсыктар болуп өткөн жерлерде болууга, митингдерге, демонстрацияларга катышууга укуктуу” деп жазылган.

Демек, журналисттердин бул сыяктуу митинг, демонстрацияларга катышуу укугу мыйзам менен кепилденет. Эркин журналисттер Бишкектеги окуяны жеринен чагылдыруу менен мыйзам бузган эмес.

Кастык тили колдонулган

“Курч ТВ” каналы видеосунда медиа өкүлдөрүнө карата бир эмес, бир нече жолу кастык тилин колдонгон. 

Видеонун 1-мүнөтүндө окуя болгон жерде топтолгондордун саны улам көбөйүп жатканынын себеби журналист Семетей Аманбековдун даректи айтып, видео жарыялаганы себеп болгону айтылат. 

“Түнкү саат 4-5ке карабай өзүн журналист эсептеген Семетей Аманбеков деген эргул, митингден түз эфир чыгарып, жарандардын чогулуп жаткан себебин, кайсы даректе экенин элге айтып, элдин дагы да келишине түрткү болуп жатты десек жаңылышпайбыз” , — деп айтылат видеодо. 

Окуяны жеринен чагылдырган журналисттердин бири Али Токтакунов тууралуу видеодо сөз болгон. Ага карата “убакыттан пайдалангандардын катарында Али Токтакунов дагы бар. Ал дагы ошол жерге барып, балдар менен пикир алышканын айтып, алардын талабын жазып чыкты. Демейде Али Токтакунов өзүн профессионал журналист катары көрсөтүп келгендей эле бул окуяда дагы экинчи тарапка кулак салса туура болот беле деген суроо жаралат” деген айыптоо айтылат. 

Мындан сырткары жалпы журналисттерге буга чейин пропаганда максатында пайдаланылып келген “бузуку, батышчыл, жашыл акчага сатылгандар” сыяктуу сөздөр колдонулат.

Бул жердеги “эргул” деген сөз кастык тилине кирет. Анткени бул сөз кыйыр мааниде, эмоционалдык боектор менен айтылган.

Ошондой эле, журналисттерди элдин чогулушуна айыптоо негизсиз жана далилсиз. Ошол эле  “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамдын 20-беренесинде журналист кабарларды чогултууга жана таркатууга укуктуу экени жазылган. Демек, журналисттер Семетей Аманбеков жана Али Токтакунов мыйзамда кепилденген укугун колдонушкан. 

Видеонун 2-мүнөтүндө Канышай Мамыркуловага карата “Ал ортодо сагызгандай сайрап, элди эки жаат кылып чабыштыргандан башка эч нерсени билбеген Канышай Мамыркулова жогорудагы окуяда кыргыз балдары чет өлкөлүктөрдү канча сабап, ур токмоктосо дагы күнөөлүү эмес деген мааниде пост жазып чыкты” деп айтылат.

Бул жердеги “сагызгандай сайрап”, “элди чабыштыргандан башка эч нерсени билбеген” сөздөрү терс баа берүүчү кастык тили болуп саналат. 

Кастык тили бул эмоционалдуу боёкко боёлгон түшүнүк болуп саналат. Жөнөкөй сын-пикирден айырмаланып, терс баа берүүчү, улутуна, гендерине, диний ишенимдерине, жаш өзгөчөлүктөрүнө же дагы башка өзгөчөлүктөрүнө жараша кемсинтүүчү, ал тургай ыза кылуучу мүнѳзгѳ ээ.

Курч ТВ каналы 

“Курч Тв” каналы Ютубда  2023-жылдын 13-мартында катталган. Каналдын кайсы өлкөдө катталганы тууралуу маалымат көрсөтүлгөн эмес. Учурда 8 миңден ашуун  катталуучусу бар. 

Канал түптөлгөндөн баштап жалпы 102 видео жүктөлгөн. Анын 23ү түздөн-түз көз карандысыз медиаларга байланыштуу каралоочу маанайдагы видеолор. “Азаттык”, “Кактус Медиа”, “ПолитКлиника”, “Клооп” сыяктуу медиаларга карата, камактагы саясатчы, коомдук активисттерге карата каралоочу материалдарды даярдайт.

Видеолорунда элдин оюн манипуляция кылган “ЛГБТны жактагандар”, “Батыштын күчүктөрү” сыяктуу сөздөрдү колдонуп келишет.

Бишкектеги окуянын чоо-жайы

ИИМдин маалыматы боюнча, 2024-жылдын 17-майында «Инстаграм» тиркемесинин «Ньюс Кейджи» баракчасында Бишкек шаарынын Атай Огонбаев көчөсүндөгү жатакананын короосунда жапырт мушташ болуп жаткан видео тараган. Видеодо окуянын чыныгы жагдайы түшүндүрүлгөн эмес. Ошол себептен коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, жергиликтүү толкундоолорго алып келген.

13-майдагы окуяларга нааразы болгон жаштар 17-майдын кечинде саат 22:00 чамасында Бишкек шаарынын Курманжан Датка көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишине чогулган. Алардын саны 500дөн 700гө  жеткен.

17-майдан 18-майга караган түнү тез жардам кызматына 29 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Алардын ичинен 15  адам шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилип, калгандарына жеринде жардам көрсөтүлгөн. 

Ички иштер министрлиги окуянын хронологиясын жарыялады.

Бул окуядан кийин Пакистандан келген студенттер массалык түрдө Кыргызстандын аймагынан кете башташты. Алар үчүн Пакистандын бир катар шаарларына атайын рейстер уюштурулду. 

Ошондой эле, Пакистандын тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар Бишкекке келип, Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолукту.

Учурда абал туруктуу. 

Жыйынтык: Эркин журналисттер Бишкектеги окуяны жеринен чагылдыруу менен эч бир мыйзамды бузган эмес. “Курч ТВ” каналы видеосунда кастык тилин жана манипуляцияны колдонгон. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты