Кремний диоксидинин гранулдарын өндүргөн завод чет өлкөгө продукция экспорттоодо  

  • 1 год мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 14-январда Бишкек шаарында жайгашкан тазаланган кремний диоксидинин гранулдарын өндүрүүчү заводдун иши менен таанышып, өндүрүштүк жайларды жана лабораторияны кыдырып чыкты.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ишкана заманбап станоктор, жеке иштеп чыккан жабдуулар жабдылган.
Заводдун продукциясы чет өлкөлөргө, анын ичинде Корея, Германия, Кытайга экспорттолот.
Жогорку тазалоодон өткөн кремний диоксидинин порошогу электроника, күн энергетикасы, батарея өндүрүү, жарык техникасы, оптика, фармацевтика жана химиялык өнөр жай сыяктуу тармактарда колдонулат.
Министрлер кабинетинин төрагасы «Кыргызиндустрия» ААКга өндүрүш кубаттуулугун жогорулатуу максатында долбоорду каржылоону тапшырды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты