Конституциялык соттун чечимин кайра кароого мүмкүндүк берген мыйзам долбоору сунушталды

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров «Конституциялык сот жөнүндө» мыйзамды Конституциялык соттун чечимин кайра кароого мүмкүндүк бере турган 52-берене менен толуктоону сунуштады. Өзгөртүүлөр киргизилген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Документте Конституциялык соттун чечими президенттин же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы менен төмөнкү жагдайда кайра каралышы ыктымалдыгы көрсөтүлгөн.

1) чечим кабыл алууга негиз болгон Конституциянын ченеми өзгөрсө;

2) чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса;

3) чечим Кыргызстан элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе.

Азыр күчүндө болгон мыйзамга ылайык, Конституциялык соттун чечими кайра кароого жатпайт.

Мындан он күн мурда, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев «матчество» тууралуу жарандык пикирин билдирген. Ал Фейсбуктагы баракчасына «эч кандай матчество болбойт, ким кабыл алса ошол кайра жокко чыгарышы керек. Бул менин жарандык позициям»,- деп жазган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда каалагандарга атасынын атынын ордуна энесинин атын (матчество, матроним) алып жүрүүгө расмий уруксат берилгенин cүрөтчү, балдар жазуучусу Алтын Капалова Фейсбук баракчасына жазган. Капалова мындай чечимди Конституциялык сот кабыл алганын белгилеген.

Конституциялык соттун чечими тууралуу жарыя кылган Алтын Капалова 2, 5 жылдан бери үч баласына алардын атасынын ысмын эмес, өзүнүн ысмын берүүгө уруксат ала албай келген.

Социалдык тармакта матчествону колдогондор менен каршы чыккандар арасында кызуу талкуулар бүгүнкү күнгө чейин жүрүп жатат.

Конституциялык сот кабыл алган чечими боюнча “(КР Жарандык кодекстин 56-беренеси боюнча 18 жашка толгондон кийин) бала ар кандай себептер менен атасынын атын алып жүргүсү келбесе,  ал атасынын же энесинин атын тандап алуу укугуна ээ боло алышы керек. Бул суроо өзгөчө учурда, калктын аз гана бөлүгүнө тиешеси болушу керек. Ошондуктан мыйзамда жарандардын бул категориясы үчүн теңдик жана дискриминация болбошу үчүн мындай укуктук ченемдер камтылышы керек. Бул чечим менен биздин салттуу жана тарыхый баалуулуктарыбыз бузулбайт”, -деп билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты