Конституциялык сот жөнүндө талаштуу мыйзамга өзгөртүү киргизилди

  • 7 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров “Конституциялык сот жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу талаштуу мыйзамга 3-октябрда кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 28-сентябрында кабыл алынган.

Конституциялык бул мыйзам менен Конституциялык сотко Жогорку сот сыяктуу эле өзүнүн чечимдерин кайра кароо боюнча ыйгарым укуктар берилет. Мындагы 521-берене менен толуктоо каралат, ага ылайык Конституциялык сот өзүнүн чечимин президенттин сунушу боюнча же Конституциялык соттун төрагасынын сунушу боюнча төмөнкү учурларда кайра карашы мүмкүн, эгерде:

– чечим кабыл алууга негиз болгон Конституция ченеми өзгөрсө;

– чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса;

– чечим элдин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе.

Конституциялык сот мурда кабыл алынган актты кайра кароо жөнүндө чечим кабыл алат, анда ал акт өзгөртүлөт же жокко чыгарылат.

Конституциянын 97-беренесинин 4-бөлүгүндө “Конституциялык соттун чечими акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт” деп  белгиленген. Мыйзамды сынга алгандар соңку өзгөртүү Баш мыйзамдын ушул беренесине каршы келерин белгилеп жатышат. Бир катар юристтер, эксперттер бул мыйзам кабыл алынса бийликтеги тең салмак бузулуп, сот эркиндиги чектелерин билдирип келет.   

Президенттин администрациясы Баш мыйзамда деле “Жогорку Соттун чечими акыркы болот” деп жазылганын билдирип, бирок кылмыш-жаза-процессуалдык кодекси боюнча жаңы жагдай чыкса, иш кайра каралат деген жобону жүйө келтирген.

“Медиа полиси институту” “Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушун сынга алды. Уюм мындай демилгени соттун “матчество” боюнча чечими менен байланыштырды. Сунушту Конституциялык соттун ишине кийлигишүү катары баалады.

Кыргызстанда каалагандарга атасынын атынын ордуна энесинин атын (матчество, матроним) алып жүрүүгө расмий уруксат берилгенин cүрөтчү Алтын Капалова Фейсбук баракчасына жазган. Капалова мындай чечимди Конституциялык сот кабыл алганын белгилеген.

Социалдык тармакта матчествону колдогондор менен каршы чыккандар арасында кызуу талкуулар жүргөн.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты