Жогорку Кеңештин комитети жалган маалыматтан коргоо мыйзамына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү колдоду

  • 11 месяцев мурун

Бүгүн, 16-майдагы Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Жанарбек Акаев, Адахан Мадумаров, Эльмурза Сатыбалдиев , Гуля Кожокулова, Дастан Бекешев, Сеид Атамбаев, Чыңгыз Айдарбеков.

Жыйында баяндама жасаган депутат Жанарбек Акаев белгилегендей, мыйзам долбоору менен «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамдын 3 жана 4-беренелерине мамлекеттик органдардын чечимдерине даттануу боюнча арыздарды кароо жол-жоболору менен «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» КРнын мыйзамындагы мурда эле белгиленген  карама-каршылыктарды жоюучу өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Тагыраагы, интернеттеги сайттын ээсинин же интернеттеги сайттын баракчасынын ээсинин аракеттерине даттануунун жаңы тартиби белгиленген.

Муну менен катар жалган маалыматты алып салуу жөнүндө арызды кароо мөөнөтүн 24 сааттан 3 күнгө чейин узартуу сунушталууда.

Ал эми эл өкүлү Гуля Кожокулова эгер азыркы редакцияга ылайык арыз бир тараптуу каралса, эми арыз ээсинин да, жалпыга маалымдоо каражаттарынын да катышуусу менен кароо сунушталып жатканын белгилеп “Ар бир тарапка өз аргументтерин берүүгө мумкүнчүлүк түзүлүш керек», — деп кошумчалады Гуля Кожокулова.

Талкуу маалында депутаттар Улугбек Ормонов, Бактыбек Сыдыков жалган маалымат тараткан маалымат каражаттарынын жоопкерчилигин күчөтүү маселесин көтөрүштү. Депутаттарды кайрылуулар жана жабылган сайттар боюнча маалыматтар да кызыктырды. Буга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу 2022-жылдан бери мекеме тарабынан 22 арыз каралганын маалымдады.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Буга чейин Кыргызстан медиа аракет платформасы Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылган. Анда “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүнү колдоого чакырган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты