ӨКМ: Скутер айдоодо коопсуздук эрежелерин сактаңыз!

  • 2 месяца мурун

Акыркы учурларда Кыргызстанда суу скутерлери, үйлөнгөн банандар катышкан адам өмүрүн алган кырсыктар көп катталууда. 31-августта жергиликтүү маалымат каражаттары Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында 35 жаштагы жаран скутер айдап жүрүп сууга чөгүп каза болгондугун жазып чыгышкан. Ал эми мындан эки жума мурун, 16-июлда Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылындагы эс алуу жайларынын биринде жаранды суу скутери сүзүп кетип, каза болгон. Былтыр, 2023-жылы Чолпон-Атада скутер 3 адамды сүзүп кетип, анын экөөсү каза болуп калган эле.

Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги скутер, кайык, катамаран, үйлөнгөн банан жана моторлуу кайыктар менен сууда жүрүүдө коопсуздук эрежелерин сактоону эскертип, аларды санап берди.

Коопсуздук эрежелери:

  • моторлуу кайыктарга түшүүдө аны башкарууну жана коопсуздук эрежелерин билүү;
  • айдоочу жана жүргүнчү коргонуу чыптамасын (жилетка) күйүүсү зарыл;
  • күйүүчү майы жана башка керектүү жабдууларынын бар экендигин текшерүү зарыл;
  • айланасында сууда жүргөн адамдар болсо жай жана кылдаттык менен өтүү сунушталат;
  • көрсөтүлгөн айдоо ылдамдыгынан ашпоого тийиш;
  • кайыкка түшүп жаткан адам бел курларын бекемдеп тагынууга жана өзүнүн коопсуз экенине ынанышы керек;
  • көлөмү тар сууларда скутерди айдоого болбойт;
  • навигация эрежелерин байкап туруу эскертилет;
  • шамал болуп жатканда айдоо өтө кооптуу жана жүргүнчүлөрдү салууга тыюу салынат;
  • ичимдик ичкен абалда түшүүгө болбойт;
  • алдынан теплоход же башка чоң көлөмдүү кайыктарга жол бошотууга тийиш;
  • сууда жүргөн адамдарды же кайыктарды алыстан баам салып, толкундуу сууну чачыратпоого жана сүзүп алуудан сак болуу;
  • чылым чегүүгө тыюу салынат.
  • көлдүн кооптуу аймактарына жакын барбоо.

Сүрөт: Интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты