Чолпон-Атада скутер үч адамды сүзүп кетти. Анын экөөсү каза болду
- 1 год мурун
Чолпон-Атада скутер үч адамды сүзүп кетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты.
«Окуя 23-июлда болгон. Үч жаран ооруканага кайрылышкан. Анын экөөсү каза болуп, бирөөсү хирургия бөлүмүндө жатат. Абалы туруктуу, дарылануусун улантууда», — деп билдиришти.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү