ӨКМ: Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде үшүк жүрөт

  • 6 месяцев мурун

Эртең, 14-ноябрда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде абанын табы 0… -2 градуска чейин төмөндөшү күтүлүп, үшүк жүрөт.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, түнкүсүн Ысык-Көлдүн тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 11…16;

Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 9…14;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -19…-24, күндүз -4…-9;

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын табы түнкүсүн 0…-2°, күндүз 13…15° болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты