Кемпир-абадчылардын соту 13-сентябрга жылдырылды

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 30-августта Бишкек шаардык сотунда кемпир-абадчылардын иши боюнча сот отуруму 13-сентябрга жылдырылды. Бул тууралуу саясатчы Равшан Жээнбеков журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, эки кемпир-абадчыга мамлекеттик адвокаттар берилип, алар иш менен таанышып чыгуу үчүн соттук отурум 13-сентябрга жылдырылган.

«Биринчи Май райондук сотунда биздин адвокаттарыбызга аябагандай чоң басым болду. Адвокаттарыбызды коркутуп, үйлөрүнөн ооруп аткан жеринен күч менен алып келген, алардын лицензиясын чакырып алабыз деген учурлар болгон. Ошол себептүү акталган кемпир-абадчылардын экөө сотко кайрылып, аларга мамлекеттик адвокаттарды берүүсүн өтүндү. Сот ал өтүнүчтү канааттандырып, эки адамга мамлекеттик адвокат берилди. Мамлекеттик адвокаттар бүгүн иш менен таанышууга убакыт сурап, сот аларга убакытты13-сентябрга чейин берди»,-деп айткан Жээнбеков.

Эске салсак, 12-июлда прокуратура Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук сотунун актаган чечимине каршы Бишкек шаардык сотко кайрадан жаңы апелляциялык сунуш берген. Анда прокурорлор Медер Абдышев жана Замира Байбагышова Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук соту тарабынан акталган саясатчы, активисттердин актоо чечимдерин жокко чыгарып, коюлган айыптары боюнча бардыгын күнөөлүү деп таап, жаза берүүнү суранышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты