Кемпир-Абад иши: Судья Акин Токталиевди сот процессине катышуудан четтетти

Судья Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча адвокаттардын бири Акин Токталиевди сот процессине катышуудан четтетти. Ошондон улам сот процесси жума күнкүгө жылдырылды.

Бул тууралуу Гүлнара Журабаева Фейсбук баракчасында билдирди.

Акин Токталиев Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан Кубанычбек Кадыровдун адвокаты. Кубанычбек Кадыров Кызыл-Омпол кени боюнча билдирүү жасаган.

Акин Токталиевдин адвокаттык лицензиясы тууралуу маселе 21-февралдагы сот процессинде да көтөрүлгөн.  

Адвокат судьянын мындай билдирүүсүнө нааразы болуп, бул боюнча Тартип комиссиясына арызданган.

Ал эми судья Акин Токталиевди адвокаттык коллегияга мүчө эмес деп сот процессине катышуудан четтетти.

7-февралда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандардын баш коргоо чарасы каралды.

2022-жылы 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 2023-жылы 4-октябрда Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандардын баш коргоо чарасын карап, абактагы мөөнөтүн дагы бир айга, 4-декабрга чейин узарткан.

Кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Буга чейин 11 адам түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Милиция кармалгандарды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.

Сүрөттө: Акин Токталиев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты