Кемпир-Абад иши: Сот иши дагы жылдырылды

Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча сот 27-сентябрга чейин жылдырылды. Анын себеби Кемпир-Абад иши боюнча шаардык сотто суралып жаткандардын бири — Азимбек Бекназаровдун сот процессине келбей калышы болду.

Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан процессти чагылдыруу үчүн барган «ПолитКлиниканын» кабарчысы билдирди.

Азимбек Бекназаров кечээ,12-сентябрда, УКМК СИЗОсуна камакка алынганы боюнча маалымат тараган.

30-августта Бишкек шаардык сотунда кемпир-абадчылардын иши боюнча сот отуруму 13-сентябрга жылдырылган.

Анын айтымында, эки кемпир-абадчыга мамлекеттик адвокаттар берилип, алар иш менен таанышып чыгуу үчүн соттук отурум 13-сентябрга жылдырылган.

14-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган саясатчы, активисттерди актаган.

Иш боюнча башта 27 кишиге айып тагылып кармалган. Алардын 22сине актоо өкүмү чыкты. Ал эми Орозайым Нарматова менен Талантбек Эшалиевдин иши буга чейин эле өзүнчө өндүрүшкө алынган. Ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткандыктан, саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Бектур Асановдун жана Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер болгон Кубанычбек Кадыровдун да иши өзүнчө бөлүнгөн.

12-июлда прокуратура Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук сотунун актаган чечимине каршы Бишкек шаардык сотко кайрадан жаңы апелляциялык сунуш берген. Анда прокурорлор Медер Абдышев жана Замира Байбагышова Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук соту тарабынан акталган саясатчы, активисттердин актоо чечимдерин жокко чыгарып, коюлган айыптары боюнча бардыгын күнөөлүү деп таап, жаза берүүнү суранышкан.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочу 2022-жылы октябрда камалган.

Сүрөт: Бектур Оргубаев /«ПолитКлиника». 13-сентябрь 2024-жыл.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты