Кемпир-Абад иши боюнча шектүүлөрдүн адвокаттары жарыш сөз сүйлөй баштады

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 11-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча өтүп жаткан отурумда шектүүлөрдүн адвокаттары жарыш сөз сүйлөп баштады. Бул тууралуу «Азаттык» укук коргоочу Рита Карасартовага таянып жазып чыкты. Жактоочулардын жарыш сөзүнөн кийин айыпталуучуларга акыркы сөз берилип, өкүм чыгат. Ал кайсы күнгө туш келери белгисиз.

Кечээ, 10-июндагы жараянда прокурорлор соттон Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчы жана активисттердин ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын сураган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке «жашыруун» грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык башаламандыктар» жана «Бийликти күч менен басып алуу» беренелери менен айып таккан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты