Кемпир-Абад боюнча: Гүлнара Журабаева, Атай Бейшенбек, Таалай Мадеминов камакта калтырылды

  • 1 год мурун
Кемпир-Абад боюнча: Гүлнара Журабаева, Атай Бейшенбек, Таалай Мадеминов камакта калтырылды

Бүгүн, 9-мартта, Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынган Гүлнара Журабаеванын, Атай Бейшенбектин, Таалай Мадеминовдун бөгөт чарасы каралды.

Шаардык сот аларды 20-апрелге чейин камакта калтыруу боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Былтыр 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган. Алар – Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева, мурдагы депутаттар Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров, Орозайым Нарматова, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочу Рита Карасартова, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Акылбек Айтбаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Таалайбек Мадеминов, Атай Бейшенбек, Перизат Суранова, Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов, Жалал-Абад облусунун мурдагы жетекчиси Бектур Асанов, журналист Айданбек Акматов жана башкалар.

Кийин алардын бардыгынын баш коргоо чаралары узартылган. Камактагылардын көбү протест катары ачкачылык кармашкан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Кылмыш ишин козгоого алардын Бишкектеги кафелердин биринде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда өткөргөн жыйыны негиз болгон.

Сүрөт коллажы: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты