Кемин районунда күн электр станциясынын курулушуна мезгил кутусу салынды
- 2 месяца мурун
Кубаттуулугу 100 МВт болгон күн электр станциясы жылына 155 млн кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгуу менен көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууну 140 миң тоннага жана көмүргө болгон керектөөнү 50 миң тоннага азайтат. Ал эми бул күн электр станциясын курууда 500гө жакын жумушчу орун түзүүгө мүмкүндүк берет.
Министрлер кабинетинин сайтында жазылгандай, бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда Кемин районунда жаңы күн электр станциясынын курулушуна мезгил кутусун салуу аземинде айтылды.
Адылбек Касымалиев кытайлык өнөктөштөргө, Шэньси провинциясынын өкмөтүнө жана инвесторлорго эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Иш-чаранын соңунда Касымалиев курулушчуларга жана энергетиктерге долбоорду ишке ашырууда ийгиликтерди каалап, анын ийгиликтүү аяктаарына ишенимин билдирди.
Сүрөт: gov.kg