Казакстандагы уулануу: 460 бала дарыгерлердин көзөмөлүндө

  • 1 неделя мурун

Маңгыстау облусунда 9-сентябрда алынган маалымат боюнча 460 бала дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алардын 83ү ооруканага жаткырылды, эки бала реанимацияда. Бул тууралуу маалымат Казакстандын премьер-министринин сайтына жарыяланды.

Бардык жабырлануучулардын, анын ичинде реанимациядагы балдардын абалы туруктуу жана жакшы жагына жылыш бар. Ден соолуктары жакшырганына байланыштуу реанимацияда жаткан эки бала жалпы палатага которулат.

«Учурда уулануу белгилери менен кайрылган бардык балдарга психологиялык жардамды кошкондо толук көлөмдө керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Окуя болгон жерде Билим берүү министрлигинин Балдардын укугун коргоо комитетинин өкүлдөрү иш алып барууда. Жабыркагандарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүү боюнча иштер жүрүүдө. Штаб күнү-түнү иштеп жатат» деп билдирди премьер-министрдин басма сөз кызматы.

Ооруну чектөө жана жоюу боюнча иш-чараларды күчөтүү үчүн облуска Санитардык-эпидемиологиялык экспертиза жана мониторинг илимий-практикалык борборунун адистери жөнөтүлдү.

6-сентябрь күнү кечинде мектептин 21 окуучусунун ата-энеси «Тез жардам» кызматына кайрылган. Балдар ичи ооруп, дене табы көтөрүлгөнүнө даттанышкан. Жекшембиде ондогон балдар ооруканада жатканы кабарланган. Мектеп окуучуларынын массалык уулануусу боюнча “Санитардык эрежелерди же гигиеналык нормаларды бузуу” беренеси боюнча иликтөө иштери башталган.

Жабыркагандардын баары – Маңгыстау облусуна караштуу Мунайлы районунун Бесшокы айылындагы мектептин 1-4-класстарынын окуучулары. Алар биринчи нөөмөттө окуп, мектептин ашканасында тамактанышкан.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты