“Катталган телефондор 10 миң сомго кымбаттап жатат”. Маалыматты текшеребиз

Кыргызстанда уюлдук телефондорду милдетүү түрдө каттоо башталгандан бери, социалдык тармактарда айрым колдонуучулар телефондордун баасынын кымбаттап жатканын айтышууда.

“Катталган телефондор 10 миң сомго кымбаттап жатат”. Маалыматты текшеребиз
“Катталган телефондор 10 миң сомго кымбаттап жатат”. Маалыматты текшеребиз
“Катталган телефондор 10 миң сомго кымбаттап жатат”. Маалыматты текшеребиз

Мындай посттордун биринин астында, колдонуучулардын бири сатуучулардын катталбаган телефондорду жакында өчүрөөрүн айтып, ошон үчүн катталган телефондор кымбат болуп атканын жазган. Дагы бир колдонуучу катталган телефондордун баасы ушундай кымбат болушу керектигин, анткени мыйзамдуу жол менен алынып келинген уюлдук телефондорго салык төлөнөөрүн жазган. 

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Бааларда айырма бар экени чын, бирок 10 миң сом эмес.

Биз алгач катталган жана катталбаган телефондордун баасы канчалык айырмаланарын текшерип көрүү үчүн ЦУМ соода борборуна барып, бааларын сурап көрдүк. Мында катталган жана катталбаган телефондорду саткан дүкөндөрдө экөөнүн ортосунда чын эле айырма бар экени белгилүү болду. Бирок ал айырма болжолдуу 2 миң сомду түзөт. Мисалы, биз сураган  Iphonе 13 Pro’нун баасы 58 миң сомду түзсө, ошол эле моделдеги катталган телефондун баасы 60 миңди түзөөрүн айтышты. Бирок, телефонду сатып алагандан кийин үстүнө  600 сом кошуп төлөгөндө сатуучулар каттап берерин айтышты. 

Эмне үчүн кымбаттоодо?

Эмне үчүн катталган телефондордун баасы кымбат же катталбаган телефондор тескерисинче арзандап жатабы деген бул жооп алуу үчүн сатуучулардын бирине кайрылдык. 

Арген, сатуучу:

  • Бул телефондордун баасынын кымбаттоосу деп айта алам. Анткени мындан ары дүң баада Кыргызстанга телефон алып киргендер бажы жана салык төлөмдөрүн төлөп алып келиши керек. Ошон үчүн катталган телефондордун баасы салыштырмалуу кымбат болуп жатат.

Каттоого жооптуу компания эмне дейт?

Биз бул маселе боюнча Кыргызстанда каттоо ситемасын ишке ашыруу  менен алектенип жаткан “Инмобайлс” компаниясы менен байланышып, төмөндөгүдөй жооп алдык:

-Маани берүүчү нерсе, импорттоочулар IMEI кодду каттоо тутумун ишке киргизгенге чейин да, андан кийин да салык жана бажы чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык, импорттолгон телефондор үчүн бажы алымдарын жана салыктарын дайыма төлөшү керек болчу. 

Системанын негизги максаты — контрафакттык аппараттардын ички рынокко киришин жана контрабандалык жүктөрдү мыйзамсыз ташып келүүнү жоюу. IMEI коддорун колдонуу менен телефондорду каттоо аркылуу биз мыйзамсыз импорттолгон түзмөктөрдүн иштешине техникалык бөгөт коё алабыз, ошону менен ички рынокту жана колдонуучуларды жасалма товарлардан коргоо мүмкүнчүлүгү жаралат.

Телефондун баасына тийгизген таасирине келсек, бардык импорттоочулар мыйзамдуу көрсөтмөлөрдү аткарган жөнгө салынуучу рынокто баалардын олуттуу өсүшү болбошу керек. Баалардын байкалган ар кандай мүмкүн болгон секирүүлөрү, өлкөнүн аймагына товарды импорттоо үчүн боз мыйзамсыз схемаларды колдонуу мүмкүн эместиги менен байланыштуу болушу мүмкүн. Бирок, биздеги маалыматка караганда, учурда базар баасында олуттуу өзгөрүү жок.

Бул каттоо системасы теориялык жактан электроника рыногунда убактылуу өзгөрүүлөргө алып келиши мүмкүн, бирок жалпысынан ал бардык импорттоочулар үчүн адилеттүү жана ачык-айкын чөйрөнү түзүүнү жана сергек атаандаштыкты шарттайт. Ошондой эле керектөөчүлөрдүн эл аралык талаптарга жана станарттарга жооп берген түзмөктөрдү сатып алуу укуктарын коргойт. Узак мөөнөттүү келечекте бул система бааларды турукташтырууга жардам берет жана мыйзамдуу түрдө импорттолгон түзмөктөрдү гана сатууну камсыздайт. Бул экономикалык көз караштан өкмөткө жана бардык сатып алуучуларга пайда алып келет деп айта алабыз.

Эмне үчүн телефондорду каттоо маанилүү?

Министрлер кабинети мобилдик түзүлүштөрдү мамлекеттик идентификациялоо системасын (МИС) уюштуруу тартибин бекитип, телефондорду каттоодон өткөрүү чечимин кабыл алган. Бул өлкөгө жалаң расмий өндүрүүчүлөрдүн өкүлдөрүнүн продукцияларынын киргизилишине, уюлдук телефондордун киргизилишин көзөмөлдөөгө, бажы төлөмдөрүн көбөйтүүгө жана аткезчилик (контрабанда)  менен күрөшүүгө шарт түзөрүн айтылган.  Бажы тариздөөсүнөн өтпөгөн аппараттар жергиликтүү байланыш операторлорунун түйүндөрүндө иштей албай турганы белгиленген. Ошондой эле киргизилген жаңычылдык уурдалган мобилдик аппараттардын санын азайтат деп күтүлүүдө.

Жөнөкөй сөз менен айтканда, эгер сиз катталбаган телефонду колдонуп жатсаңыз, сиздин телефонуңуз өлкөдө мыйзамсыз иштетилип жатат дегенди билдирет. 

Ал эми уюлдук телефондорду каттоого келсек бул өтө деле татаал процесс эмес. Төмөндө сиз көпчүлүк сөз кылып жаткан IMEI коду жана телефонду кантип каттоо керектиги тууралуу маалымат ала аласыз.

IMEI код деген эмне? 

IMEI (International Mobile Equipment Identity) – GSM ассоциациясы жана баштапкы өндүрүүчү тарабынан уюлдук байланыш каражаттарына ыйгарылган 15 сандан турган эл аралык уникалдык код. Ал телефонду каттоо жана аны изилдөө үчүн колдонулат.

Уюлдук телефондун IMEI кодун кантип билсе болот?

Уюлдук телефондун IMEI кодун билүү үчүн телефонуңуздан *#06# комбинациясын теришиңиз керек. Бул код ошондой эле Уюлдук телефондун кутучасында, кепилдик сертификатта же батареясынын астында көрсөтүлүшү мүмкүн. 

Уюлдук телефондун IMEI кодунун каттоо статусун кантип текшерсе болот?

Уюлдук телефонуңуздун IMEI кодунун каттоо статусун төмөнкү жолдор менен текшере аласыз:

1. www.imei.kg сайтына кирип, издөө тилкесине IMEI кодун киргизиңиз.

2. *5656# териңиз жана көрсөтмөлөрдү аткарыңыз.

3. Сиздин байланыш операторуңуздун мобилдик тиркемелери аркылуу: Билайн, Нуртелеком же Mегаком.

Акысыз каттоо мөөнөтү деген эмне?

Мындан ары өлкөдө жалаң гана легитимдүү жол менен алынып келинген телефондор сатылат. Ал эми бул мыйзам өз күчүнө киргенге чейинки убакытта жеке колдонуу максатында сырттан алып кирген келген уюлдук телефондорду жеке жарандар 2024-жылдын 25-июнунан 25-августуна чейинки мезгилде акысыз каттай алышат. 2024-жылдын 25-августунан кийин уюлдук телефондору каттоо үчүн берилген арыздар аркылуу катталууга тийиш.   

Жеке адамдар өз колдонуусу үчүн алып келген уюлдук телефондун IMEI кодун (коддорун) кантип каттай алышат?

Уюлдук телефондорду Кыргыз Республикасынын аймагына (чет өлкөдөн өздөрү менен) же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары булактардан онлайн сатып алуу аркылуу алып келген Кыргыз Республикасынын жарандары (жеке жактар) өздөрүнүн уюлдук телефондорун www.imei.kg сайтынан импорттогон күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде каттоодон өткөрүүсү зарыл. 

IMEI кодун өз алдынча каттоо боюнча инструкциялык видео:

Уюлдук телефонго SIM-карта салып жандандыргандан кийин IMEI кодун каттоонун мөөнөтү канча?

Уюлдук телефонго SIM-карта салып жандандыргандан кийин колдонуучуга биринчи уюлдук тармака кошулган учурдан тартып (КР электр байланыш операторунун байланыш түйүндөрүндөгү биринчи тармактык окуя) жылына 30 (отуз) жыйынды күн берилет, андан кийин каттоодон өтпөгөн учурда КР уюлдук байланыш тармагына кирүү чектелет.

Уюлдук телефондо эки же андан көп IMEI коддорунун болушу эмнени билдирет?

Эгерде уюлдук телефондо эки же андан көп IMEI коддору болсо, бул ал бир нече SIM карталарды колдонот жана эки же андан көп байланыш операторлору тейлей алат дегенди билдирет.Көңүл буруңуз: Жеке колдонуу үчүн импорттолгон уюлдук телефонду каттоодо онлайн тиркемеде баардык IMEI коддорун көрсөтүшүңүз керек.Каттоо үчүн төлөм акысы IMEI коддорунун санына карабастан бир уюлдук телефон үчүн жүргүзүлөт.

Уюлдук телефондун IMEI коддорун каттоо үчүн төлөм кандай жүргүзүлөт?

Уюлдук телефондун IMEI коддорун каттоо үчүн төлөм “KG Balance”, “O! деньги” жана “MegaPay” тиркемелери аркылуу жүргүзүлөт.

Жыйынтык: Катталган жана катталбаган телефондордун бааларында айырма бар экени чындык. Бирок ал 10 миң сомду түзбөйт.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты