«Кат жазгыла, жан жолдоштор, досторум…»



Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымова менен  Айгүл Бакееванын  маеги 2014-жылы ноябрь айында «ПолитКлиника» гезитине жарыяланган. Бүгүнкү күнү эл акынынын көзү өткөн кезде аны эскерүү иретинде  окурмандарыбызга ошол “Чай үстүндөгү” маектен үзүндү тартуулайбыз.   

Майрамкан Абылкасымова:   

«Кат жазгыла, мен капага батканда, 
Айым, күнүм чыга түшсүн асманга.
Кат жазгыла, тирүүлүккө ойготуп,
Мен өлүмдөн жер кучактап жатканда»

“Алмалуу колхоз багынан”

—Тоо боорундагы “Алмалуу” аттуу, алма багы жайнаган айылым ар дайым көз алдымда, алмасынын даамы дале оозумда. “Райка” деп аталган, чоңдугу алчага окшогон алмадан көк кезинде жеп алганда, оозубуздун шишип кеткенин айт. Тоону, килейген бурчук-бурчук таштарды, гүлдөрдү жакшы көрдүм. Ошол себептен китептеримдин аттары адатта гүлдөргө байланыштуу.

Тоосуз, ташсыз, мөлтүр суусуз жердеги жашоону дегеле элестете албайм. Атайы чокуга чыгып, тоодон ылдый агылып турган шагыл менен сыйгаланып түшөбүз. (Арасында чоң таштар болсо, анда бизди балээ басмак). Алтын –Булак, Күмүш –Булак атыккан шыңгыр булак үнүн тыңдайбыз. Кызыл-Суу жазгысын кыярып агып, аны сүт кошуп чалып туруп,  тундуруп ичебиз. Чопосу менен тамдын этегин боёйбуз, ал эми эшик алдына шыбап койсок, катып,  чаңы сапырылбай калганы кызык.

“Айылдын ары жагынан,

Алмалуу колхоз багынан.

Колума кызыл гүл алып,

Коштошкон күндү сагынам”.

Какен Алмазбековдун сөзүнө жазылган,  Жапар Чабалдаев аткарган Бейшеке Жандаровдун “Сагынам” аттуу ушул ыры биздин айыл жана анын кыздары тууралуу. Азыр деле айылымды, тоону, таштарды, булак суусун сагынганда береги Кашка-Суудагы дачабыз тарапка жөнөп кетем.

Чоң атамдын колунда өстүм. Ал ар дайым “Атаке баатырдын урпагысың, ошол атка татыктуу болушуң керек” деп кулагыма кумдай куюп чоңойтту. Кийин “Аталар жана ата журт” жана “Атаке баатыр” драмасын (Кайрат Иманалиев менен бирге) жаздым. Өз жолумда атак-даңкка жетишкеним-эл-жеримди аздектеп-алпештеген менин мекенчилдигимде болсо керек.

Өчпөс өнөр

—Айылдагы жети жылдык мектепти  аяктап келгенден кийинки, 1950-жылдардагы борбордогу жашоо-турмуш бай маданий жаңылыктары менен көзүмдү ачты. Бир кызыгы –ошондогу  филармония кичинекей имаратта, биз окуган окуу жайга жакын жайгашканы эле. Залга көрүүчүлөр толбой калса, окуучуларды дароо айдап барышат.

Бирок окуучуларды маданий очокторго мажбурлап алып барганы мага зор бакыт болду: Калык Акиев, Алымкул Үсөнбаев, Мыскал Өмүрканова … жана драма, опера артисттеринин- Бүбүсара Бейшеналиева, Сайра Кийизбаеванын оюндарын көрүп, өзүмдү алар менен табакташ болгондой эле сезип алам. Кийин-кийин андай оюндарга орун табылбай калчу кездери Болот Миңжылкиев үч кишини акысыз киргизүүгө уруксат алып бергендиги  эсимден эч бир кетпейт. Азыр деле мектеп окуучуларын театр оюндарына эмнеге алып барышпайт деп өзүмчө кейий берем.

Алгачкы ырлар жана Аалыке     

-Мен окуган окуу жайга жанаша Дзержинский бульварында эртели-кечары-бери өткөн Аалы Токомбаевди акмалап жүрүп, үйүн билип алып, сүзө качырып кирип барганым-ай! “Мен акынмын” деп бир дептер толгон ырларды көтөрүп алгам.

Жети класс билими бар секелектин тайрактаган кол жазмасын ал киши кантип окуй алсын. Ошентсе да көңүлүмдү чөгөрбөй, өзүм жактырган  ырымды окуп беришимди өтүнөт. Окуп бүткөнүмдөн кийин “жакшы саптарың бар экен” деп алкамыш этет. Аалыкеден анда биринчи жолу дүйнөлүк адабият, Марина Цветаева, Анна Ахматова, Бела Ахмадулина, Ольга Берггольцтун чыгармачылыгы, андагы аялдардын орду, дегеле аялзатынын турмуштагы орду тууралуу биринчи жолу кабар алдым. 

“Ала –Тоонун” асылдары

-“Ала –Тоо” журналы 100 миң нуска менен жарык көрөт. Баш-аягы “Ала-Тоодо” 40 жылдай иштедим, поэзия бөлүмүн да жетектеп калдым. Оо, ал жылдар дайрадай ташкындап турган мезгил эле. Байдыке Жазуучулар союзунун жаштар секциясын жетектеп, жаштардын ырларын журналга сунуштайт. Турар, Жолондун ырлары тынбай “Ала –Тоого” жарыяланып, ушул ырлары менен, китеби чыга электе эле Жазуучулар союзуна мүчөлүккө өтүштү.

Айылдан койчулар, карапайым  кишилер редакцияга кат жазышып, журналдын келерки санын чыдамсыздык менен сурап турушат. Окурмандар арасында жер-жерлерде жолугушууларды өткөрүп, мектептерге да тез-тез каттап турабыз. Мына азыр, №68 мектептин жанында жашайм, он жыл болду,  дегеле бир да мектеп мени жолугушууга чакырганын уккан жокмун.  Окуучулар китептин авторлору, акын-жазуучулар менен жолугушуп турушса сонун болбойт беле. Ал эми “Эстелик сүйлөйт” аттуу поэмам 7-класстын окуу программасына киргизилген.     

Ак ырлардын арааны

—Азыр  “777 жашка чыктым” деп коём тамашалап. Ушул 7-ноябрда 77 жашка толдум. Учурда аксакалдардан Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуевден кийин эле менмин.   “Кат жазгыла” деген ырымда:

Кат жазгыла, жан жолдоштор досторум,
Тирүү кезде бактылууга окшоюн.
Өлүп калсам бардыгынан ажырап,
Өмүрдү эмес, мен силерди жоктоюн.

Кат жазгыла, мен капага батканда, 
Айым, күнүм чыга түшсүн асманга.
Кат жазгыла, тирүүлүккө ойготуп,
Мен өлүмдөн жер кучактап жатканда-

 деген саптарымды окугандан  кийин Мар Байжиев : “Макишти карасаң, өлгөндөн кийин да жалгыз калгысы келбейт турбайбы, баарыбызды көрүнө кошо ала кеткиси бар” деп тамаша сөз айтып атпайбы.

50-60-70 -жылдары кыргыз адабиятынын гүлдөп турган мезгили болду. Мына ушул убактарда Чынгыздан тартып не деген гана чыгаандар чыкпады: Алыкул, Жолон, Турар, Сүйөркул Тургунбаев, Омор Султанов, Ашым Жакыпбеков, Аман Саспаев… Сынчылар: Аман Токтогулов, Каныбек Эдилбаев, Эсенбек Медербеков… Күжүлдөп иштесек да үстүбүздөн тоголок арыздар да барып атты компартияга,  поэзияда “салттуу ырдын формасын бузушуп, ак ыр жаратып киришти” дешип. Бирок жаштык, өзгөрүү, жаңылануу желаргысы баарын жеңип жатты.     

Алыкулдун “Кулча иштеп, ханча жашап, эс алдым” деген ыры бар эле. Чоң теманын үстүндө иштесең, түн уйкудан каласың, атаң келсе да ишиңе тоскоол болсо, үтүрөйө бересиң. Ал эми чоң ишти бүтүргөндөн кийин алы-күчүң кетип, шалдырап эле каласың. Мына ошондой кездерде күч-кубатты калыбына келтириш үчүн эс алабыз, күлөбүз, бийлейбиз. 

Биздин “псевдонимдер”

—Ал кездердин акын-жазуучуларынан кимисинин гана атын атабайын,  баары жалындуу, таланттуу. Бирок ара-чолодо тамашалашуу адатыбыз, ар кимисине биз энчилеген “псевдоним аттары” өздөрүнө куп жарашат. Кеңеш Жусупов- “Кеша тихий”, Бексултан Жакиев- “Петя буйный”, Салижан Жигитов-“Сашка-лысый”… Мага  ар түркүн ат коюшат: “Жаңыл мырза”, “Кыз Сайкал”, “Маргарэт Тэтчер”… Жаштыктын деми менен улуу муундар менен да азилдеше кетебиз. Аалыке анда 65  жашта беле, лирикасына кыздар ашык болушуп, айтор атак-даңкы артылып турган кези. Маракесин куттуктап, дубал гезит чыгарып,  куттуктап калдык. Анын:  

“Көпөлөк менмин, сен чырак”,

Көкөлөп сага айланам.

 Көмүрдөй кара чачыңа,

Көңүлүм менен байланам”

деген ыр саптарын бадырайта жазып, чырак тегерете көпөлөктү чарк айландырып,  Аалыке “көпөлөккө” кара чачтуу сулуунун чачын байлап койдук. Мындай белегибизге аксакал киши боору эзилгиче күлөт, сан белектин арасынан биздин жоругубуз купулуна өзгөчө толгон экен. Салижан “Ит икаясын” жазып жүргөн кездери ага да ошондой арноо жазып, бир итке мингизип, экинчисин жетелететип, үчүнчүсүн артынан чуркатып туруп:

“Анекдот айтып кызый-кызый,

Кайда кеттиң Сашка –лысый? “ деп жазып койдук. “Алатоолуктар” дубал гезит чыгарышыптыр” деп туш-туштан акын-жазуучулар келип көрүп-окушуп, каткырып эле жатып калышат.

Маектешкен Айгүл Бакеева

2014-жыл.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты